Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Милиция Ошто опузалап акча талап кылууга шек саналган аял кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы өзүн блогер деп тааныштырган аял “опузалап талап” кылуу беренеси шек саналып кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 29-июнда Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып өзүн блогермин деген Ж.Г аттуу аял акча талап кылып жатканын билдирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну арыз берген жарандын кызматы жөнүндө социалдык тармактарга терс маалыматтарды чагылдырам деп, бир нече жолу акча алганын жана IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталды деп айтылат. Милиция арыз жазган адам кайсы кызматкер экенин маалымдаган жок.

Ош милициясы шектүү 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) менен иш козголуп, тергөө уланып жатат. Шектүүнүн жактоочусу же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок.

Социалдык тармактарда Оштогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындаган Гүлпери Жанышбек кызы кармалганын жазып жатышат. Ал буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевди сындап жүргөн. Жанышбек кызы 29-июнда Фейсбуктагы баракчасына бул ишти атайын уюштурулган деген таризде жазды. Аким комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG