Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.

Үч округдагы кайра шайлоо: Алдыга чыккан талапкерлер кимдер?

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

10:39 30.6.2024

30-июнда саат сегизден баштап №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо башталды.

10-июнда башталган шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-июнь таңкы саат 8:00дө аяктаган. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аялдар. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тартты. Эки талапкерди БШК каттаган эмес. Үч округ боюнча парламентке талапкерлердин тизмесин бул жактан окуңуз.

Ноокаттан 91 миң, Ысык-Көлдөн 97 миң жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан 122 миң адам добуш берет.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.

11:42 30.6.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 10:00гө карата үч округдагы шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат жарыялады.

№5 Ноокат шайлоо округу

91 057

4 880 (5,36%)

№29 Свердлов шайлоо округу

122 975

2 418 (1,97%)

№36 Ысык-Кол шайлоо округу

97 331

2 692 (2,77%)

13:20 30.6.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 12:00гө карата үч округдагы шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат жарыялады. Анда жалпы 311 миң 363 шайлоочунун 23 миң 710у (7.61%) добуш берди.

Ноокат шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 10 миң 550сү (11.59%), Свердлов шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 5 795 (4.71%), Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 7 365и (7.57%) добуш берди.

13:21 30.6.2024

№36 Ысык-Көл шайлоо округунан 14 талапкер шайлоого катышууда. Алардын арасында блогер Эртай Исаков, журналист Самат Асипов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Турусбеков, Балыкчы шаарынын вице-мэри Аманат Тукунов, Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри Руслан Есенгулов, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров, Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Султан Тентимишев бар.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG