Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.

Үч округдагы кайра шайлоо: Алдыга чыккан талапкерлер кимдер?

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

13:22 30.6.2024

Кайра шайлоо болуп жаткан башка аймактарга салыштырмалуу №29 Свердлов шайлоо округунда ат салышкан талапкерлер аз. Бишкек шаарынын бул районунан 5 адам Жогорку Кеңешке ат салышууда.

Депутат болгусу келгендердин катарында шаардык кеңештин мурдагы депутаты, “Дордой” базарынын директору Жумабек Салымбеков, “Кен Минералс” компаниясынын директору Чыңгыз Сапарбаев, Шахмат федерациясында жетекчилик кызматтарда жүргөн Милан Турпанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина жана “Эл үмүтү” партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу бар.

13:40 30.6.2024

№5 Ноокат шайлоо округунан тогуз адам талапкер болуп чыкты.

Бул райондон депутат болгусу келгендердин арасында Ноокаттын мурдагы акими Бакытбек Марипов бар.

Ал мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууганы. Мариповдон тышкары кайра шайлоого “Агро топ” деп аталган компаниянын директору Артыкбай Абдивалиев, ИИМдин ардагери Элдар Кудайбердиев, журналист Айболот Айдосов бар.

19:57 30.6.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыкты. Бул шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611 (28.13%) добуш берди. Бул округ боюнча дагы эки шайлоо тилкесинин жыйынтыгы келе элек.

№29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков 10 миң 611 (64.61%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озду. Бул шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 16 миң 424ү (13.36%) добуш берди.

№36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев 3498 (16.04%) добуш алып, атаандаштарын артка калтырды. Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807 (22.40%) добуш берди.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө аялдар.

20:52 30.6.2024

Ноокаттагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча экинчи орунда келе жаткан Артыкбай Абдивалиев жараян учурунда, добуш берүү күнү да мыйзам бузуулар болгонун айтып жатат.

“Шайлоодо Марипов тараптан аябай мыйзам бузуулар болду. Бирок күч органдары такыр карабай койду. Алар биздин расмий үгүтчүлөрүбүздү кубалап, кысым көрсөтүп, ошол эле учурда шайлоочуларды ташып жаткан Мариповдун адамдарына реакция кылбай коюшту. Биз тиктеп эле отурдук. Бакытбек Мариповдун атасы эки ай мурун эле үгүт кылып баштаган. Бул боюнча бир нече талапкер кайрылуу да жолдогонбуз. Бирок эч ким көңүл бурган жок”.

Артыкбаев Абдивалиев шайлоонун расмий жыйынтыгын күтө турганын, андан кийин аны арызданышы мүмкүн экенин да билдирди.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG