Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

ӨКМ Ноокаттагы селдин себептерин атады  


ӨКМ тараткан сүрөт. Тазалоо иштери.
ӨКМ тараткан сүрөт. Тазалоо иштери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокаттагы сегиз кишинин өмүрүн алган селдин себептерин изилдеп, жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Негизги себептери катары аномалдуу жамгыр, Абшыр-Ата дарыясында узак жылдардан бери чоң сел болбогондуктан жээгинде дарактардын өсүшү жана эс алуу тапчандарынын башаламан курулуусу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени белгиленди.

ӨКМ изилдөөнүн жыйынтыгында кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу максатында Ноокат райондук администрациясына бир катар сунуш берди. Анда ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө, таза суу түтүктөрүн калыбына келтирүү сыяктуу сунуштар камтылган.

№37 Жол тейлөө мекемесине Кулатов-Абшыр-Сай жолундагы сел калдыктарын тазалоо, көпүрөлөрдү оңдоп, бекемдөө жана Кызыл-Кыя көмүр ишканасынын Абшыр-Сай дарыясына курган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен көпүрө салуу сунушталды.

Учурда Өзгөчө кырдаалар министрлиги Ноокатта сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.

Маалыматка ылайык, Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылында 25 турак үйдүн коро сарайларына, мектепти суу каптаган. Ноокат районундагы селден Гулистан айыл аймагында үй үйдү, төрт үйдүн короо жайын суу каптаган.

Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында, Көк-Жар айыл аймагынын Жийде, Ак-Өтөк айылындагы сел жүргөн сайларды техника менен тазалоо уланып жатат.

Ноокатта селден сегиз киши каза болду. Жума күнү кечке маал болгон табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG