Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:35

Сейсмология институту: Чүйдө жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 22-июнда түнкү саат 23:10до күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Чүй облусунда: Тоолуу Маевкадан түштүккө карай 3 км, Кой-Таштан түштүк-чыгышка карай 7 км, Бишкектен түштүк-чыгышка карай 20 км, Канттан түштүк-батышка карай 25 км аймакта жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу кабарлаган жок.

Расмий маалымат тараганга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарында жер титирөө болгонун жазышкан.

Android Earthquake Alerts System сервиси очогундагы магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Ата районунан 8 чакырым алыс аймакта болгонун көрсөткөн.

Сейсмология институтунун маалымдашынча, 21-июнда, таңкы саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. 19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.

Май айында очогу Казакстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда сезилген бир нече учур катталган.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да сезилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG