Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Казакстанда Башкы прокуратура журналистти атууга шектүү кармалганын кабарлады


Айдос Садыковдун унаасы. Журналистти үйүнө келген кезде атып кетишкен. (украин полициясынын сүрөтү)
Айдос Садыковдун унаасы. Журналистти үйүнө келген кезде атып кетишкен. (украин полициясынын сүрөтү)

Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык журналист Айдос Садыковго кол салууга шектелген эки адамдын бири - Алтай Жаканбаев кармалганын 22-июнда маалымдады. Ага ылайык, Жаканбаев жума күнү укук коргоо органдарына өзү келген. Суракка алынып, андан кийин кармалган.

Прокуратура бул окуяга шек саналып жаткан экинчи адам - Мейрам Каратаевди издөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Казакстандык маалымат каражаттары Каратаевди милиция кызматкери деп жазышкан, бирок Ички иштер министрлиги ал 2019-жылы иштен бошонуп кеткенин маалымдады.

21-июнь күнү Украинанын Башкы прокуратурасы улуттук полиция Айдос Садыковго кол салууга шектүү катары Жаканбаев менен Каратаевди аныктаганын кабарлаган.

Украин күч кызматтары 33 жаштагы Каратаев менен 36 жаштагы Жаканбаев Киевге 2-июнда келишкенин, батир ижарага алып, Айдос Садыковго аңдуу жүргүзүшкөнү, "белгисиз" адамдан буйрутма алып, кылмышка даярданып жүрүшкөнүн маалымдашты.

Украин прокуратурасынын сайтында 18-июнда түш ченде Каратаев "автоунаанын айдоочу отурган жагына тез басып барып Садыковду чыкыйга мээлеп атканы" жазылат. Айдос Садыков учурда оор абалда ооруканада. Жанындагы аялы жабыркаган эмес.

Каратаев менен Жаканбаев окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, андан кийин азыркы башчысы Касым-Жомарт Токаевдин башкаруусу тууралуу кескин сын макалалары, иликтөөлөрү менен таанылган казакстандык журналист жана оппозиционер активист Айдос Садыковдун абалы оор деп бааланууда.

Окуя шейшемби күнү Украинанын борбору Киевде болгон. Аны аткан киши табыла элек. Жубайы Наталья Садыкова кол салгандар күйөөсүн жөн гана коркутуу эмес, жок кылуу максатын көздөгөнүн айтууда.

Казак президенти Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG