Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Евробиримдик менен Украинанын Коопсуздук келишими кол коюуга даяр


Евробиримдик менен Украинанын Коопсуздук келишимине жакынкы күндөрү кол коюлат. Бул тууралуу биримдиктин өкүлү 21-июнда Брюсселдеги брифингде билдирди. Тараптар келишимдин текстин макулдашуусуна бир нече ай кеткен.

Украин президенти Владимир Зеленский келишимге 26-июнда кол коеру күтүлүүдө. Документте Киевге аскердик жардам тууралуу гана эмес, каржылык колдоо, евроинтеграция жана башка тармактардагы кызматташтык тууралуу да макулдашылганын "Немис толкуну" маалымдады.

Келерки жылы Еврошаркет Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы 14-санкция түрмөгүн бекитүүгө тийиш. Биримдиктин тышкы иштер министрлери Люксембургга чогулат. Алар дагы бир маселени - Грузиянын абалын талкуулашат. Бирок эч кандай чечим күтүлбөйт. "Немис толкуну" жазгандай, тема Еврошаркеттин 27-28-июнда Брюсселде өтүүчү саммитинде талкууланат.

XS
SM
MD
LG