Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Германияда орусиялык жана украиналык жарандар тыңчылыкка шектелип кармалды


Германиянын Гессен аймагындагы Кылмышка каршы күрөшүү мекемеси Франкфурт-на-Майнеде үч адамды тыңчылыкка шектеп кармады.

Кармалгандар Орусия, Украина жана Армениянын жарандары. Прокуратура аларды камоо өтүнүчүн Жогорку сот палатасына жиберди.

Бул тууралуу немис Федералдык прокуратурасынын өкүлү "Свобода" радиосуна кабарлады.

Алар чет өлкөлүк атайын кызмат менен кызматташууга шек саналууда. Der Spiegel басылмасы азырынча кайсы өлкөнүн атайын кызматы тууралуу кеп болбогонун жазды. Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири Германияга жакында эле барган.

Камоо тууралуу буйрукта шек саналып кармалган жарандар чет өлкөлүк атайын кызматтын тапшырмасынын негизинде Украинанын жаранынын артынан тыңчылык кылып жүрүшкөн. Der Spiegel басылмасы маалымдагандай, украин жараны Орусияга каршы согушка катышкан.

Федералдык прокуратура үч жаран Франкфурт-на-Майне шаарындагы кафе тууралуу маалымат чогултушканын, ал жерге аңдууга кабылган украин жараны барарын алдын ала билишкенин кабарлады. Der Spiegel басылмасы тыңчылар кафеге украин жаранынын артынан барышканда, ал артынан түшкөндөрдү байкап калып, полиция чакырганын жазды.

Тергөө шектүүлөрдүн жасалма паспорт же чоочундардын аты-жөнүн алып жүрүшү ыктымалдыгын да аныктоодо.

Акыркы убактарда Германияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылгандарды кармоо көбөйдү. Апрель айында Баварияда орусиялык чалгын кызматтарынын тапшырмасы менен диверсия жасоого шек саналып, эки агент кармалган.

Ушул тапта Германиянын чалгынга каршы кызматынын кызматкеринин сот иши жүрүп жатат. Офицер Орусияга стратегиялык маанилүү маалыматты берген жана ал үчүн акча алган деп айыпталууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG