Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Өзбекстанда коңшусун АКШга жиберем деп Түштүк Африкага жөнөткөн адам кармалды


АКШнын түштүк чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын түштүк чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Жизак облусунда жергиликтүү тургунду АКШга жиберүүнү убада кылып, анын ордуна Түштүк Африка республикасына жөнөтүп жиберген адам кармалды.

Бул тууралуу полициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Хайробод кыштагынын тургуну арыз менен тартип коргоо органдарына кайрылган. Анын айтымында Шараф-Рашидов районунун тургуну уулун 14 миң долларга Америкага жөнөтүүнү убада кылып, Түштүк Африкага салып жиберген.

Арыз жазган адам уулу Африкадан чыга албай жатканын кошумчалаган. Шектүү кармалып, кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Fox News телеканалы АКШнын Чек ара кызматына таянып маалымдагандай, былтыр 1-октябрдан баштап быйыл майга чейин Американын түштүк чек арасынан 57 миңдей мыйзамсыз мигрант өткөн. Алардын 2900 өзбекстандык болуп чыккан.

Өзбекстанда буга чейин да АКШга мыйзамсыз жолдор менен жиберүүнү убада кылып калктан он миңдеген доллар алгандар кармалган.

5-июнда АКШ президенти Жо Байден Мексика тараптан өтүп барган мыйзамсыз мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин катаалдатууга буйрук берген. Эми келгиндерди артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG