Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Пакистанда жаалданган топ "кудайга акарат келтирди" деп туристти өрттөп жиберди


"Кудайга акарат келтирди" деген айып менен жергиликтүү тургундар туристти өрттөп салган жер. 21-июнь, 2024-жыл.
"Кудайга акарат келтирди" деген айып менен жергиликтүү тургундар туристти өрттөп салган жер. 21-июнь, 2024-жыл.

Пакистанда Сват өрөөнүнө турист катары барган адамды жергиликтүү тургундар 20-июнда "кудайга акарат келтирди" деген жүйө менен уруп-сабап, өрттөп, сөөгүн көчөлөрдө сүйрөшкөн.

Аймактын полиция башчысы Захид Улла "Машаал" радиосуна билдиргендей, алгач тартип коргоочулар туристти жаалданган топтон куткарып, Мадиандагы полиция бөлүмүнө алып барып жашырышкан.

Бирок жаалданган топ полиция бөлүмүнүн дарбазасын сындырып, ичине кирип барышкан. Алар туристке бензин чачып, өрттөп, сөөгүн көчөлөрдө сүйрөп, ур-тепкиге алууну улантышканын жергиликтүү журналист билдирди. Маалыматка караганда, тополоңдун катышуучулары полициянын үч машинесин жана имаратын өрттөп салышкан. Полиция кырдаалга байланыштуу ок чыгарып, ондон көп адам жараат алганы кабарланды.

Башаламандыктын башталышына бир нече адам туристти Куранды өрттөдү деп айыпташы түрткү болгон. Мадиан шаарында жана анын айлана-тегерегинде кырдаал ушул тапта чыңалган бойдон турат. Бийлик аймакка чукул кырдаал режимин киргизди.

Пакистандын Швейцария деп таанылган Сват өрөөнүнө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан туристтер көп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG