Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Орусия: Мигранттардын калайман мушташы болду. Рейддер күч алды


Апта башында Москва шаарынын Солнцево районундагы курулуштардын биринде ондогон борбор азиялык мигранттар катышкан калайман мушташ чыкты.

Айрым Телеграм-каналдардын маалыматына караганда, уруш курулушчулар менен күзөтчүлөрдүн ортосунда болгон.

Калайман мушташка эмне себеп болду?

Мash Телеграм каналы 5-мартта Москванын Солнцево районундагы "Лучи" деп аталган турак жай комплексинин курулушунда калайман мушташ тартылган видео жарыялады. Анда көгүш жана жашыл чапан кийгендер эки топко бөлүнүп алып, темир союлдар менен мушташып жатканын көрсөк болот. Алтургай жерде жаткан кишини бир нечеси аёосуз тепкилеген.

Baza Телеграм каналы билдиргендей, жаңжалдын бир нече катышуучулары оор жаракат алышкан. Такталбаган маалыматтарга ылайык, эки киши ооруканага жеткирилген.

Көп өтпөй социалдык тармактарда орус полициясы айтылган комплекске келип, мигранттарды бирден текшерип, унааларга салып кеткен видеолор тарай баштады. Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Москвадагы массалык мушташтын чоо-жайын иликтөөгө тапшырма бергенин ТАСС агенттиги кабарлады. Ошондой эле окуя боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши ачылганы, мушташка 30дай мигрант катышканы белгилүү болду.

Ал тапта мигранттарды бутага алган рейд Сахалинде да катталды. 5-мартта 250дөй таксист, 36 дүкөн жана курулуш обьектилери текшерилгени кабарланды. Атайын кызматтын офицерлери базарларды, дүкөндөрдү кыдырып, ал жерде иштеген мигранттарды текшерип жатканын көрсөк болот.

МВД Медиа Телеграм каналынын маалыматына ылайык, Сахалиндеги текшерүүдө 56 чет өлкөлүк миграция эрежесин бузгандыгы аныкталган. Бирок мигранттар кайсыл өлкөнүн жарандары экени айтылган жок.

Вьетнам же Түндүк Кореядан мигранттарды тартуу

Ал эми орусиялык жумуш берүүчү агенттиктерге шилтеме берип, Коммерсант басылмасы Индия, Пакистан жана ал тургай Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн мигранттарга суроо-талап өсүп атканын жазды. Мындай тенденция жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен жана КМШ өлкөлөрүнөн барган эмгек мигранттарынын санынын кыскарышынан улам келип чыкканы айтылат.

Вадим Коженов.
Вадим Коженов.

Орусиянын Миграция федерациясынын президенти Вадим Коженов Орусияга жаңы келген борбор азиялыктардын саны ошол эле бойдон турганын, учурда Индия жана Түндүк Кореядан жумушчуларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын өзүнүн Ютуб каналында айтты.

"Бизге Борбор Азия же Кавказдан иштегени келгендер, келип бүттү. Соңку жылдары Орусияда мигранттардын саны өзгөргөн жок. Мен өткөн апта атайын кеңешмеге катыштым. Анда дал ушул индиялыктарды жумушка алуу маселеси талкууланды. Мисалы бир курулуш фирмасы "бизге чукул 20 миң курулушчу" керек деди. Жыйында катышкан бир ортомчу "бир индиялык жумушчуга 1500 доллар, жылуу жаткан жер жана эки маал тамак берсеңер, иштешели" деди. Бирок бул албетте мүмкүн эмес. Менин оюмча, Вьетнам же Түндүк Кореядан мигранттарды тартуу дагы кирешелүү жана ыңгайлуу. Анткени алар менен байланыш бар, эли экстремисттик көз карашта эмес" дейт Коженов.

Ал эми эл аралык BRICS Mobility долбоорунун жетекчиси Наталья Вершинина Lenta.ru сайтына берген маегинде, соңку жылдары мигранттар Орусиядан башка өлкөлөргө ооп жатканын айтты.

"Мисалы, Кыргызстандын жарандары азыр бизге келгендин ордуна Европа Биримдигине иштегени көп кетишет. Өзбекстандын жарандары Түштүк Кореяга барышат, бул алар үчүн абдан популярдуу өлкө. Демек, Орусияда эмгек мигранттары үчүн олуттуу атаандаштык бар", - деп Вершинина.

Пандемия башталган 2020-жылды эске албаганда, 2023-жылга чейин Орусияда жыл сайын эмгек мигранттарынын саны өсүп турган. 2022-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, Орусияга 11,8 миллион чет элдик жаран кирген. Ал эми былтыркы жылдын алгачкы алты айында 3,5 миллион эле мигрант барган. Бул 2022-жылдын ошол эле мөөнөтүнө салыштырмалуу эки эсе аз.

Жумуш күчүнүн таңкыстыгы таксиде, жеткирүү кызматтарында, курулушта, тамактануучу жайларда дароо байкалууда. Анткени борбор азиялык мигранттар негизинен дал ушул тармактарда эмгектенет. Чет жактан келгендердин көбү Орусиянын жарандыгын алууга умтулат. Кээ бирөөлөрү мыйзамсыз жолдорго да барган учурлар болот.

Рейддер кайра күчөдү

Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү жана кармоо кайра күчөп, рейддер жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар ар кайсы аймактардан байма-бай чыгууда. Рейддер Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин күчөгөн.

Февралдын аягында Самара облусунан тартылган видеолордун биринен полиция жана куралчан күч кызматкерлери чет өлкөлүктөр иштеген бөлүштүрүүчү борборго кирип барганын көрүүгө болот. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул борбордон мыйзамдуу иштөөгө уруксаты жок 19 мигрант кармалган.

Ал эми Норильск шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер курулуш жүрүп жаткан объектилерде өткөн.

"Многонационал" деп аталган Телеграм-каналга жарыяланган маалыматтарга караганда, күч кызматкерлери ондогон кишини кармап кетишкен.

Екатеринбургда полиция кыргызстандык мигранттарды тизелетип, казча бастырган окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Мигранттарга каршы тинтүү жана кармоо негизинен базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп келет. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандар паспорт алган болсо аларга дароо армияга чакыруу тапшырып жатат.

Орусияда миллионго чукул кыргызстандык да эмгек мигранты болуп жүрөт. Укук коргоочулар орусиялык иш берүүчүлөр аларды арзан жумушчу күч катары колдонорун, укуктары көпчүлүк учурда камсыздалбай, корголбой турганын белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG