Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Британия кыргызстандык компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-июнда Британия Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип, Украинадагы согуштук аракеттерди каржылоого көмөктөшүп жатат деген жүйө менен 40тай адамга жана компанияга санкция салды. Алардын арасында Орусиядагы бир катар ири ишканалар, анын ичинде “Ингосстрах”, Тамбов ок-дары заводу, “Арсенал” машине куруу заводу да бар.

Ошондой эле “кара тизмеге” бул ирет кыргызстандык, кытайлык компаниялар да илинди. Алардын катарында LLC Inter Style Plus деген Кыргызстанда каттоодо турган ишкана да бар.

Сайтында ишкана металл иштетүүчү жабдыктарды жеткирүү менен алектенерин, бул багытта бир катар дүйнөлүк компаниялар менен кызматташары белгиленген.

12-июнда Вашингтон кыргызстандык "Транзит Сервис Бишкек" жана "Нова проект" ишканаларына "Орусия менен активдүү кызматташканы" үчүн санкция салган. Американын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, "Нова проект" компаниясын орусиялык ишкер Дмитрий Алиханов аэрокосмос өндүрүшүндө колдонула турган тетиктерди алуу үчүн ортомчу ишкана катары колдонуп келген. "Транзит Сервис Бишкек" санкциялык тизмеге эмне үчүн кирип калганы такталган эмес.

2023-жылы июль айында АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына ушундай эле жүйө менен санкция салган. Ага чейин “Тро, Я” аттуу компания да "кара тизмеге" илинген.

Былтыр 12-декабрда АКШнын Каржы министрлиги Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коомду "кара тизмеге" кошкон.

Ага чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG