Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Бишкекте бузулган “Батуми” кафесинин ордуна парк курулуп баштады


“Батуми” кафесинин ордуна курула турган парктын эскизи. Мамкурулуш тараткан сүрөт.
“Батуми” кафесинин ордуна курула турган парктын эскизи. Мамкурулуш тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү мурдагы “Батуми” ресторанынын ордуна курулуп жаткан жаңы парктын курулуш иштерин текшерип чыкты. Бул тууралууаталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, курулушту Мамкурулуш агенттиги ишке ашырууда.

Агенттик эс алуу багынын эскиздик сүрөттөрүн жарыялады. Курулуштун сметасы, качан аяктай турганы айтылган эмес.

Мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында вице-мэр болуп турган маалда, мыйзамсыз объектилерди тазалоо жумуштарынын алкагында былтыр 24-майда калаанын Жал кичирайонунда жайгашкан "Батуми" ресторанын курулуш нормаларын сактабаганы үчүн бузуп кеткен. Анын ээси Кадича Бечелова экскаватордун алдына туруп, жер тилкени сатып алганын, кафени мыйзамдуу салганын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев объекттин ээлери менен жолугуп кайткан. Андан кийин атайын кызмат вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Орунтаев УКМКга сурак берип чыккан.

Атайын кызмат тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгени, териштирүү уланып жатканын маалымдаган. Келтирилген чыгым 3 миллион сом экени кабарланган. Орунтаев кийин бул сумманы төлөп берген-бербегени тууралуу суроолорго жооп берген эмес.

Нурдан Орунтаев өз жүйөлөрүндө “кафе ээси менен ижаранын мөөнөтү бүткөнүн, алардын иши мыйзамдуу экенин айткан”. Ал ошондой эле “жеңил конструкция курулушу керек болгон жерге ишкер капиталдык курулуш салып алганын айтып, аны бузууга он күн убакыт берилгенине карабай талапты аткарбай коюшканын” тактаган.

Орунтаев бул окуядан алты айдан кийин – 2023-жылдын ноябрында вице-мэрликтен кетип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG