Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:52

19-июнь: Путиндин Пхеньян сапары, Токтонасыровдун соту, Матраимовго байланышкан бажычылар


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян шаарында, 19-июнь, 2024-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян шаарында, 19-июнь, 2024-жыл

19-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды

Жарандык активист соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты. 18-июндагы процессте прокурор Айжамал Мырзасапарова Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган.

Ким Чен Ын Украинадагы согушта Орусияны колдоорун билдирди

Пхеньянда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өтүп жатат. Бул Путиндин Түндүк Кореяга болгон экинчи сапары. "Свобода" радиосу жазгандай, Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ким Чен Ын "Орусиянын өкмөтүнө, армиясына жана элине атайын аскердик операцияда, башкача айтканда, Украинадагы согушта толук колдоо көрсөтөт жана тилектештигин билдирет" деп айтты.

Жогорку Кеңеш “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча макулдашууну үч окууда колдоду

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу жөнүндө үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев келтирген маалыматта долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн.

Бажы кызматынан Көлбаев менен Матраимовго байланышкан 122 кызматкер иштен алынды

2023-жылы 88 кызматкер жана 2024-жылдын башынан бери 34 кызматкер кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевге жана экс-бажычы, камактагы Райымбек Матраимовдун схемасына тиешеси бар экени аныкталып, кызматтан алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев “Азаттыкка” курган интервьюсунда билдирди. "Кримтөбөл" деп таанылган Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айдан бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Орусиядан алты ай ичинде 30 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран чыгарылды

Жүз миңден ашуун мигранттын өлкөгө киришине тыюу салынды. Бул бир жыл мурдагыга караганда 55% көп экенин Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди. Өткөн жылы Орусиядан 110 миң чет өлкөлүк чыгарылган.

Байден АКШ жарандарынын мыйзамсыз жүргөн жубайларына мунапыс берет

Жо Байден депортация тууралуу соттун чечими бар АКШ жарандарынын жубайларына мунапыс жарыялады. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты. Би-Би-Си жазгандай, Ак үй бул өлкөдө кеминде 10 жылдан бери жүргөн АКШ жарандарынын жубайларын мыйзамдаштырууну чечти. Аларга убактылуу иштөөгө уруксат берилет. Расмий маалыматка караганда бул мүмкүнчүлүктү кеминде жарым миллиондон ашык адам пайдалана алат.

Тажик парламентинин жогорку палатасы хижабга тыюу салган мыйзамды колдоду

Мыйзамдын жаңы редакциясында улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынып, эрежени бузгандарга 65 миң сомониге (6000 АКШ доллары) чейин айып пул салынары жазылган. "Озоди" аталган мыйзам коомчулукта резонанс жаратып, калк арасында нааразылык пикирлер болгонун жазды. Буга чейин хижаб жана диний кийим-кечеге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген.

Бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун материалына байланыштуу билдирүү таратты

Эркин журналист Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” деп аталган видеоматериал боюнча билдирүү таратты. Маалымат аталган кызматтын сайтына жарыяланды. Бажы кызматы Исаковду кетирген катасын оңдоого жана бажы кызматынын дарегине айтылган айыптар боюнча төгүндөө түрүндө видеоматериал жарыялоого чакырган. Мекеме ансыз Мамлекеттик бажы кызматынын аброюн коргоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга аргасыз болорун маалымдаган.

Меккеде аптаптын айынан 500дөн ашуун зыяратчы каза тапты

"Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Сауд Арабиясындагы ажылык маалында катуу аптаптан кеминде 550 зыяратчы каза болду. Агенттик көз жумгандардын кеминде 323ү Египеттин жарандары экенин жазды. Маалыматка караганда, алардын дээрлик баары ысыктан улам каза тапкан. Сауд Арабиясынын метеорологиялык борбору дүйшөмбү күнү Меккеде абанын табы 51,8 градуска жеткенин кабарлады.

Кыргызстан Түркиядан акысыз дарылануучулардын квотасын 500гө көбөйтүүнү өтүндү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугуп, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Элчи Казакбаев Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын акысыз дарылоону караган кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандыруунун жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

“KG Group” компаниясы курган үйлөр эксплуатацияга берилип, мыйзамдаштырылды

Баш калаадагы Абай 7а дарегинде жайгашкан “Сейтек”, Токомбаев 33, 33а дарегинде жайгашкан “Датка Ордосу” жана Куйручук 26, 26/1 дарегинде жайгашкан “Шабдан” турак жай комплекстеринин жашоочуларына үйлөрдүн тиешелүү актысы берилди. Бул турак жай комплекстеринин уруксат кагаздары 2017-жылдан бери бүтпөй келген. "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген шек менен кармалып, камакка алынган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG