Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Жер кодексинин жаңы редакциясын парламенттин эки комитети биринчи окууда жактырды


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

18-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов жаңы редакцияда жер реформасын ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин которуу, айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жана жайыттар жөнүндө мыйзамдар бир кодекске бириктирилгенин белгиледи. Ал кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирди.

Депутат Дастан Жумабеков Жер кодексинин жаңы долбоорунда масштабдуу өзгөрүүлөр кирбегенин сынга алып, долбоордо азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе камтылбаганын белгиледи.

"Жаңы кодексте сугат жерлерди да, кайракы жерлерди да трансформациялоого уруксат берилиптир. Бирок азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир да сөз жок экен. Бул боюнча кабыл алууга болбой калат. Анткени бул боюнча кетсе коррупцияга түз жол ачкан мыйзам болуп калат. Бардык жерлерди трансформация кылууга уруксат берипсиңер", – деди депутат Жумабеков.

Министрдин орун басары Кубат Касейинов азык-түлүк коопсуздук боюнча мыйзам өзүнчө каралып, Жер кодексине кирбегенин тактады.

Кыргызстанда Жер кодекси алгачкы жолу 1999-жылы кабыл алынган. Андан берки убакта аталган кодекске 61 жолу өзгөртүү киргизилген.

Жер кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатканы 2023-жылдын башында маалымдалган. Ошол маалдагы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Аскарбек Жаныбеков жайыт сапатын жакшыртуу үчүн Жер кодексинин жаңы редакциясы даярдалып жатканын тактаган.

Жаныбеков өзү былтыр декабрда иштен кетип, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган министрлик кызматты кошо аркалай баштаган. (Zko\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG