Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Менчикке кеткен мүлк мамлекетке кайтарылабы?


Кыргызстандагы мурдагы заводдордун бири.
Кыргызстандагы мурдагы заводдордун бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылышы керек экенин билдирди.

Ташиевдин билдирүүсү кызуу талкууланып, аны сындагандар дагы, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылышы керек деп колдогондор дагы бар. Коомчулукта “кустуруу” жараяны аталган бийликтин коррупцияга каршы күрөшүндө менчик укугу кандай корголууда?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктү кайтаруу маселеси тууралуу 14-июнда Кара-Суу районундагы мечиттин ачылышына катышкандан кийин билдирүү жасады.

Ташиевдин тургундар менен сүйлөшүп жаткан видеосу Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

Соңку жылдары коррупцияга жана криминалга каршы күрөш алкагында өлкөдөгү бир катар аткаминерлерге, ишкерлерге карата иш козгоп, алардын бюджетке каражат төгүп жатканын айтып келген УКМКнын төрагасынын бул билдирүүсү дароо талкууга түштү.

Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин да айткан. Соңку билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, аны колдогондор мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз бөлүп алган бир ууч топко каршы күрөш жүрүүдө деп жатышат.

Ишкер Тилек Токтогазиев бул жараян жеке менчик укугуна доо кетирерин белгилеп, өлкө эгемендигин алган жылдардан кийин менчиктештирүү саясатын ошол кездеги бийлик ишке ашырганын эске салды:

“Чынында ар кандай жолдор менен мамлекеттик мүлк менчиктештирилген. Бирок кандай капа болсок дагы, ошол кездеги эрежелерге туура келген. Аны кабыл алышыбыз керек. Аны эми 30 жылдан кийин өзгөртүп жатканы ишкерлик чөйрөгө, инвесторлорго жакшы таасирин тийгизбейт. Мамлекетти биз бирдиктүү институт катары карашыбыз керек”.

Ал эми юрист Нурбек Токтакунов мыйзамсыз менчиктештирилген мүлкү мамлекетке кайтарууну "популизм" деп атады:

“Бир жагынан уурдалган, коррупция менен тапкан мүлктү легалдаштыргыла дейт, башка жагынан “кулакка тартуу” болуп жатат. Азыркы ишкерлердин капиталы - мурдагы менчиктештирүүдөн тапкан кирешеси. “Кустуруунун” уландысы болуп жатат. Мындай сөздөр элге жагат. Бул таза эле популизм болуп жатат”.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири экономикалык мунапыс жарыялоо болгон. Андан сырткары “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алып, президент Садыр Жапаров жарандарды мүлкүн ачык көрсөтүүгө чакырган. Президент үлгү катары 20 миллион долларлык мүлкүн өзүнө каттаткан.

Кайтарылган мүлктөн канча акча түштү?

Быйыл апрелдин башында “7-канал” телеканалынын сайтында жарыяланган тексттик билдирүүсүндө Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттарга байланыштуу сын пикирлерге жооп берген. Ташиевдин айтымында, соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөн.

Ага чейин Финансы министрлиги мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейин 20 млрд 455 миллион сом түшкөнүн кабарлаган.

Министрликтин өкүлү Талант Келдибеков ЭлТР телеканалына берген комментарийинде коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын 14 млрд сому мамлекеттик казынага чегерилсе, 6 миллиарддан ашыгы Турукташтыруу фондуна которулганын билдирген.

Сатыкка коюлган мүлк

Быйыл май айында өкмөт мамлекетке өткөргөн мүлктүн айрымдарын сатыкка чыгарган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтындагы маалыматка ылайык, жалпысынан тогуз мүлк аукционго коюлган. Алардын төртөө абакта отурган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон, төртөө былтыр атып жок кылынган кримтөбөл Камчыбек Көлбаевден жана бирөө коррупцияга шектелип бозгунда жүргөн Аскарбек Шадиевден алынган.

Матраимовдун мүлкү

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ысымына тиешелүү мүлктүн бири - Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метрди ээлеген, эмеректери бар кеңсе. Мындан сырткары, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар, Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1400 чарчы метр коммерциялык имарат жана Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай бар.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берип, абактан чыккан. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Матраимов андан кийин да кылмыштуу иштерин токтотпой койгон. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Матраимов менен Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Быйыл март айында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын эки бир тууганы камакка алынып, алардын 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сомдук) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганы маалымдалган.

Көлбаевдин мүлкү

Кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин атайын кызмат Кыргызстандагы криминалга каршы күрөш баштаганын жарыялап, Көлбаевге тиешеси бар деген негизде бир нече кишини кармады. Алардын арасында саясатчылардан баштап ишкерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү да бар.

Мындан тышкары Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү менен, “кылмыштуу каражаттарына” алынган турак жай, коттеждер, жер участоктору, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болду. УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

Андан кийин өкмөт Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу алты унаасын үч жолу сатыкка чыгарган. Өткөн жылы декабрда жана 2024-жылы январда жарыяланган аукционго бир да өтүнмө түшкөн эмес. Үчүнчүсүндө гана бешөө сатылганы жарыяланган.

2023-жылы ноябрь айында атайын кызмат Аскарбек Шадиевге таандык делген “Баткен Комфорт” базарынын ишмердигинен финансылык мыйзам бузууларды тапканын жарыялап, бир нече жетекчилерин камакка алган. Кийинчерээк базардын юридикалык ээси болгон “Бишкек жүк ташуу автотранспорт ишканасы” жабык акционердик коомунун 64,38% көзөмөл пакети мамлекетке өткөнү кабарланган. Азыр эми ошол базар жайгашкан 2,9 гектар жер аянты сатыкка чыгарылып отурат.

Шадиевдин мүлкү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге буга чейин да кылмыш иши козголуп, соттолгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мыйзамсыз баюу" беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылы 10-июнда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Шадиевге кылмыш ишинин козголушу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Шадиев 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

2021-жылы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG