Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-июнда күндүн экинчи жарымында жана 18-19-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен облусунда 16…21, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 31…33° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG