Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагында жолго коюлган бомба жарылганда төрт жүргүнчү каза таап, экөө жараат алды.
“Машал” радиосунун маалыматы боюнча окуя 16-июнда Куррам деген уруулар жашаган алыскы райондо болду. Сады деген жерге бараткан чакан машине минага кабылган. Чукул кырдаалдар кызматынын өкүлү курмандыктардын бардыгы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин билдирди. Экөө жеринде мүрт кетип, жарадар болгондор Пешавардагы ооруканага жеткирилген. Кийин дагы экөө ошол жерде үзүлдү.
Полиция карапайым адамдарга болгон кол салууну иликтеп жатат.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бул райондо масхаб аралык зомбулук учурлары көп катталат.