Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

13-июнь: Парламент уран казууга уруксат берди, "Сахарово" борборунда 173 кыргыз жараны отурат


Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.
Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.

13-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран казууга уруксат берди

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти өндүрүү негизги максат экенин, уран менен торий байытылбай турганын айтты. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. 2019-жылы өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

“Кемпирабадчылар” сотто акыркы сөзүн сүйлөп башташты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Өкүм ушул жумада чыгат деп күтүлүүдө. 10-июнда сотто прокурорлор айыпталуучуларды 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын сегизи камакта жатат. Калганы эркиндикте. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Шектүүлөр коюлган кинени четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келишет.

Үч өлкө темир жолду августта куруп баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын айтты. Ал 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, проектти каржылоо маселеси чечилгенин кошумчалады. Бирок канча акча кетерин жана анын булагы тууралуу маалымат берген жок. Жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

АКШ кыргызстандык дагы эки компанияга санкция салды

Вашингтон кыргызстандык “Транзит Сервис Бишкек” жана “Нова проект” ишканаларына Орусия менен активдүү кызматташуусу үчүн санкция салды. Бул тууралуу Американын Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2023-жылы июль айында Вашингтон Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына ушундай эле жүйө менен санкция салган. Ага чейин “Тро, Я” аттуу компания да санкциялык тизмеге киргизилген. Былтыр 12-декабрда Бишкекте катталган “Вайтмэнн Хандельн Альянс” (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коому да “кара тизмеге” кошулган.

Футбол: Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кызматтан кетет

Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги Таркович менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаган соң кызматташууну токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди. 2023-жылы 24-апрелде башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Таркович тандалган. Аны менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлгөн. Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен тогуз оюн өткөрдү. Анын ичинен үч жолу жеңип, үч ирет тең чыкты жана үч жеңилүү бар. Улуттук курама 11-июнда Маскат шаарында Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алган.

Израил танктары Рафахтагы коопсуз делген аймактарга киргени кабарланды

"Рейтерс" агенттиги кабарлагандай ал бардык карталарда коопсуз, гуманитардык аймак катары белгиленген. Израил аскерлери Аль-Маваси деп аталган районго сокку урганын четке какты. ЦАХАЛдын билдирүүсүнө караганда, алардын башкы максаты Рафахтагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун калган бөлүктөрүн жок кылуу экени айтылат. Андан тышкары ЦАХАЛ "максаттуу чалгын операцияларын" улантып жатканын жана 12-июнда бир катар жоочуларды жок кылганын кошумчалады. Газада согуш башталганы Рафахка бир жарым миллиондой адам качууга аргасыз болгон. Эми ал жакта аскердик операциялар күчөгөн маалда качкындар Хан-Юнис жана Дейр аль-Балах шаарларына чыгып кетип жатышат.

Кривой Рогдо орус армиясынын соккусунан мерт болгондордун саны 10го чукулдады

14-июнь калаада Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Днепропетровск облусуна караштуу шаардагы калк жашаган райондорго орус армиясы шаршемби күндүз ракеталык чабуул койгон. Жараат алгандардын саны отуздан ашты. Алардын арасында беш бала бар экенин Укрананын Башкы прокуратурасы билдирди. Алты кишинин абалы оор экени маалым болду. Расмий билдирүүгө караганда дагы беш адамдын дайыны табылбай жатат. Калаанын коргонуу кеңеши алдын ала маалыматтарга таянып, сокку аннексияланган Крымдын аймагынан "Искандер-М" баллистикалык ракеталары менен жасалганын билдирди. Көп батирлүү үй, гимназия, орто кесиптик окуу жай жана бир нече автоунаа жабыркаганы кабарланды.

Еревандагы башаламандыкта 100дөй киши жабыркады

Расмий билдирүүгө ылайык, өкмөткө каршы митингдин катышуучулары полиция кызматкерлерине баш ийбей, аларга таш-таяктарды ыргытып, уруп-сого башташкан. 17 полиция кызматкери ар кандай деңгээлдеги жараат алганы маалым болду. Шаршембинин кечинде Армения парламентинде “өкмөттүк саат” өтүп жаткан маалда митингчилер имаратка жакын барып, тосмолорду бузуп киришкен. Буга жооп катары коопсуздук күчтөрү кулак тундуруучу, жаш агызуучу гранаталарды колдонушкан. Бир нече күндөн бери бийликке баш ийбөө акциясы уланып жатат. Өкмөткө каршы соңку демонстрациялардын башында чиркөө өкүлү, архиепископ Баграт Галстанян турат. Алар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Иранда сүрөтчү аял жарандык активдүүлүгү үчүн абакка кесилди

Сот Атена Фаргадани алты жылга эркинен ажыратканын анын адвокаты Мохаммад Мокими "Фарда" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда шакаба сүрөттөрү менен белгилүү аял "ыйык ишенимдерге доо кетиргени үчүн" беш жыл, Ислам республикасына каршы "пропаганда жүргүзгөнү үчүн" бир жыл абакка кесилди. Фаргадани былтыр "президенттин жана жетекчиликтин беделине доо кетирүү", "мамлекетке каршы пропагандалык ишмердүүлүк" деген кине менен 18 ай жаза өтөп чыккан. Соңку ирет ал 14-апрелде камалган. Адвокаты сурак маалында Фаргадани катуу ур-токмокко алынганын айткан.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатышты

Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулган. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокторун кыргызча которгон. Жазуучунун “Чагылгандын көз жашы” жана “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан. Калемгердин сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду. Жазуучу 12-июнда узакка созулган оорудан улам 74 жашында дүйнө салды.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG