Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Чүйдө мыйзамсыз иштеп жаткан медресе жабылды


Медреседе окуган балдар. УКМКнын сүрөтү.
Медреседе окуган балдар. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында медресе мыйзамсыз иштеп жатканын аныктап, ишмердүүлүгүн токтотту.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, медресе расмий каттоодон өтпөй туруп, 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген. Диний билим берүү мекемесин Ж.У. аттуу жаран уюштурган. Маалыматка ылайык, ал салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы болуп чыкты.

"Текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок, жашы жете элек 33 бала билим алып жатканы аныкталды. Медресе мөөр басылып, жабылып, андагы окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди", деп жазылган маалыматта.

УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, арасында түрдүү салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары шектүү окуу борборлорун жана лагерлерди мыйзамсыз иштетип жатканын белгиледи.

Коопсуздук кызматы ата-энелерге балдарын окутуу үчүн диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун - каттоосу, уруксат кагаздары жана лицензиялары, окуу планы ж.б. бары-жоктугун текшерип алууну сунуштоодо.

УКМК июнь айында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жана Лейлекте аялдар менен кыздарга диний билим берген мекеме жабылганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террордук деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG