Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:29

Европадагы шайлоо: Оңчулдар Борбор Азия менен кантип кызматташат?


Стамбулдагы Ибн Халдун университетине караштуу Гейдар Алиев атындагы Евразиялык иликтөөлөр борборунун илимий кызматкери Элданиз Гусейнов.
Стамбулдагы Ибн Халдун университетине караштуу Гейдар Алиев атындагы Евразиялык иликтөөлөр борборунун илимий кызматкери Элданиз Гусейнов.

Европарламентке болгон шайлоонун жыйынтыгы Евробиримдик менен Борбор Азиянын алакасына таасирин тийгизеби? Шаркет ичиндеги миграциялык саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Евробиримдикте 9-июнда Европарламентке шайлоо жыйынтыкталды. Шаркетке мүчө 27 мамлекеттин калкы 720 депутатты шайлашты. Добуш берүүчүлөрдүн катышуусу 51% түздү. Айрым мамлекеттерден ашынган оңчулдар алдыга чыгып, Европарламентте ээлеген орундарын көбөйтүштү.

Стамбулдагы Ибн Халдун университетине караштуу Гейдар Алиев атындагы Евразиялык иликтөөлөр борборунун илимий кызматкери Элданиз Гусейнов Европарламентке болгон шайлоонун жыйынтыгын анализдеп, "Азаттыкка" маек курду.

- Европарламентке шайлоолордун тарыхында ашынган улутчул партиялар мыкты көрсөткүчкө жетип, Франция, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөрдө алдыга озуп чыгышты. Мунун себебин сиз эмне менен түшүндүрөт элеңиз?

- Европа бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө дуушар болууда. Мындан улам оппозиция үчүн азыркы өкмөттөрдү сынга алып, Европа мамлекеттеринин калкы үчүн аяр темаларды көтөрүп чыгуу оңой. Бул албетте, экономика, миграция жана коопсуздук темалары. Мындай шарттарда партиялар үчүн миграцияга “көзөмөлдү катаалдаштыруу керек” деген чакырык нугунда өнөктүк жүргүзүү же улуттук институттардан жогору турган Евробиримдик сыяктуу бирикмелерди сынга алуу оңой. Каржы кризистери жана катаал үнөмдөө чаралары шайлоочулардын экономикалык реформаларды убада кылган партияларга добуш беришине түрткү болду. Бул партиялар көп учурда өзүн “карапайым адамдардын” коргоочулары катары көрсөткөнгө аракет кылат.

Жалпысынан, соңку шайлоонун шары менен бул партиялардын күчтөнүшү Европадагы мамлекеттердин бийликтери үчүн саясий кырдаалды, коомдогу маанайды байкоо жагынан өлкө ичиндеги алдыдагы шайлоолорго даярдык болду. Анткени алдыда дагы кызыктуу шайлоолор күтүп турат. Шайлоо жыйынтыгы анча сезилерлик болбойт. Ал эми Европадагы бир катар мамлекеттерде, анын ичинен Германия менен Франциядагы шайлоолор мындан кызуу болушу күтүлүп жатат.

Германияда сентябрдын башында Саксония, Тюрингия жана Бранденбург аймактарында шайлоо болот. Бул үч аймак тең мурдагы Германия Демократиялык Республикасына карайт. Европарламентке шайлоого “Германия үчүн альтернатива” оңчул партиясы алдыга чыкты. 2025-жылы Германияда жалпы парламенттик добуш берүү өтөт.

Европарламентке болгон шайлоодон кийин Францияда президент Эммануэл Макрон жергиликтүү парламентти таркатуу чечимин жарыялады. Бул Францияда жакында шайлоо өтөт дегенди билдирет. Азыркы өкмөттөр өзүнүн саясий ураан-чакырыктарын Европарламентке болгон шайлоонун жыйынтыгына карай түзөт. Мунун айкын мисалы катары Бундестагдагы Германиядан ооган жарандарын депортациялоо тууралуу дебаттардын башталышын айтсак болот.

Айрым партиялардын депутаттары келечекте кылмышкерлерди Ооганстанга коңшу мамлекеттер (анын ичинен Борбор Азия мамлекеттери) менен макулдашуу аркылуу депортациялоого чакырып жатышат. Ашынган оңчул эмес, христиан демократтар сыяктуу ири партиялардын саясий риторикасы оңчул багытка ыктап бараткандай. Эмне дегенде бул партияларга өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын эске алышы керек.

- Европарламентке болгон шайлоонун жыйынтыгы, оңчул ашынган күчтөрдүн күчөшү Евробиримдик менен Борбор Азиянын алакаларына таасирин тийгизеби? Тийгизсе, кандай болушу мүмкүн?

- Шайлоонун жыйынтыгы Борбор Азия мамлекеттерине байланышкан кеп-сөздөрдүн айтылышына же айтылбай калышына да таасир тийгизет. Борбор Азия менен Евробиримдиктин алакасынын өнүгүшүндөгү тоскоолдуктардын бири адам укугуна тиешелүү маселе болчу.

Менимче, Европарламенттин азыркы курамы бул суроого азыраак көңүл буруп, Борбор Азия менен кызматташуудагы башка багыттарга көңүл бурат.

Бул энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар жана башка кендердин жектиликтүүлүгү, экономикалык таасирдин кеңейиши. Мен айткандай, азыр Евробиримдикке ички көйгөйлөрдү чечүү маанилүү. Ошондуктан ал Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен алака түзөт.

Мунун баары келечекте “Орусия менен Кытайдын Борбор Азияга үстөмдүк кылышына жол бербөө” үчүн жасалат. Бул тренддерди Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясы менен таанышууда же Евробиримдик жана Борбор Азия өлкөлөрү менен жетишилген макулдашууларды анализдөөдөн байкасак болот. Андан тышкары, оңчул партиялар Евробиримдиктин айрым мамлекеттеринде бийликте отурат. Маселен, 2010-жылдан бери Борбор Азия менен алакаларын кеңейтип жаткан Венгрияда. Италияны деле алсак болот. Баарынан Словакияныкы кызык. Бул өлкөнүн өкмөтү өзүн оңчул катары мүнөздөбөйт. Бирок ошол эле учурда Евробиримдиктин органдары тарабынан Венгриядай эле сынга алынат. Венгрия менен Италиядан кийин Словакия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакаларынын бекемделишин көрөбүз.

- Бул шайлоолордун жыйынтыгы Евробиримдикте эмгектенген борборазиялык мигранттар үчүн эмнени билдирет? Жалпысынан миграциялык саясатка таасирин тийгизеби?

- Саясий риторика жана бийликке келгенден кийинки саясат бири-биринен кыйла айырмаланышы мүмкүн. Жалпысынан бул шайлоолордун контекстинде Европадагы оңчул партиялардын күчтөнүшүнө байланыштуу Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына кандайдыр бир таасирин тийгизбейт деген ойдомун. Анткени миграцияга муктаждык бар, өзгөчө көзөмөлдөнгөн миграцияга.

- Өз анализиңизде сиз белгилегендей, Евробиримдиктеги бийликтеги коалиция Кытай менен Орусиянын таасири күчөшүнөн кооптонуп, чөлкөмдөгү өлкөлөрдөгү адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүүнү көздөбөйт. Бул канчалык туура саясат? Мунун кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Менимче, мындай прагматикалык кадамдын өз логикасы бар. Евробиримдиктин өзүнүн так максаттары бар. Алардын бири - жогоруда айтып өткөндөй, чөлкөмдүн ресурстарына жетүү. Аларга Орусия менен Кытайдын жетиши бул державалардын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүнү эмес, Бээжин менен Москванын экономикаларын бекемдөө дегенди билдирет. Алар өз кезегинде Кытай менен Орусиянын стратегиялык атаандаштары эмеспи. Бул жерде бир аз башкача оюн десек болот. Бул кадамдын кесепеттери оор болот деп ойлобойм. Анткени бир гана Борбор Азия мамлекеттери эле Евробиримдикке муктаж эмес, шаркет дагы Борбор Азияга муктаж. Мындан улам Евробиримдик дагы аймактагы өз саясатын тиешелүү түрдө алып барууга аргасыз. Менимче, Евробиримдикте азыр чөлкөмдөгү Орусия менен Кытайдын таасирин басаңдатуу мүмкүнчүлүгү аз. Ошондуктан Еврошаркет азыр өз турумун бекемдей ала турган так багыттарды, анын ичинен маалымат багытын тандап жатат.

XS
SM
MD
LG