11-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 25…27° жылуу болот.
Дагы караңыз