Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Газа: Кыргызстан согушту токтотууга, АКШ Рафахка аскер киргизбөөгө үндөдү


Рафах шаарында убактылуу башкалкалаган эне-бала, 22-март, 2024-жыл
Рафах шаарында убактылуу башкалкалаган эне-бала, 22-март, 2024-жыл

Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту Газадагы согушту токтотууга көмөктөшүүгө чакырды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Израилдин "башкы демөөрчүсү" деп атап, Вашингтон биринчи кезекте аракет кылышы керектигин белгиледи.

Эдил Байсалов Газадагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун 18-мартта Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган сүрөткөргөзмөнүн ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Анда Кыргызстан террорчулукту айыптай турганын белгилеп, эл аралык коомчулукту согуштук аракеттерди токтотууга көмөктөшүүгө чакырды.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Алты айдан бери күн сайын дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда. Буга чейин 13 миң бала каза болгон. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди! Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз. 2 миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп турабыз. Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок. Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат”.

Кыргыз өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлүнүн мындай билдирүүсүнө байланыштуу Израилдин же АКШнын Бишкектеги элчиликтери же дипломаттары үн ката элек.

Израил өкмөтү Газадагы согуштук аракеттери АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобун жок кылууну көздөрүн кайталап, “геноцид” деген айыптарды четке кагып келет.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алган. Жөөт армиясы мындан улам Газада аскердик операция баштаган жана ошондон бери миңдеген адамдар набыт болду.

ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 31 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Согуштук аракеттер жаңы башталганда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар Газага гуманитардык жардам жеткирүү маселесин көтөргөн.

Былтыр ноябрь айында президент Садыр Жапаров Газадагы жай тургундардын өмүрүн алган согуштук аракеттерди токтотууга чакырган. Ал Кыргызстан жалпы эле Израил менен палестиндер ортосундагы чыр-чатактарды "эки мамлекет" принцибинде чечүүнү жактай турганын белгилеген.

Бирок кыргыз өкмөтү Газадагы кырдаал боюнча жогорку деңгээлде мындай кескин позициясын билдире элек болчу.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү, депутат Нуржигит Кадырбеков "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, жардам берүүнүн бир топ жолдору бар экенине токтолду.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

"Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин атынан чыгып сүйлөдү. Бул кайрылуу ушул актуалдуу маселе боюнча Кыргызстандын позициясын ачык, так билдирди окшойт. Тышкы саясат - бул мамлекет башчынын приоритети. Ушул чечим, ушул ишарат, ушул нарратив макулдашылган аракет болушу керек. Чынында эле ал жакта акыбал абдан оор. Палестин элине карата зулумдук болуп жатканы чын. Кандай болгон күндө деле мындай кайрылуу дипломатиянын чоң фактору, өлкөнүн позициясын билдирүү. Кыргызстан эгер көмөктөшөм десе кайсы бир гуманитардык жардамга кошулса болот. Бул жерде логистика маселеси бар, ал жакка жардам жеткирүү жагынан бир топ маселелер чыгууда, бир топ өлкөлөр менен сүйлөшүү керек. Эми жардам берүүнүн жолдору көп, качкындарды кабыл алса болот, кээде согуштук аракеттер бүткөндө шаарларды, мамлекетти кайра калыбына келтирүүгө жардам берсе болот. Бирок чын-чынына келгенде Кыргызстандын чамасы чектелүү. Эгер Кыргызстанда окуп жаткан палестиналык студенттер болсо, аларга жеңилдектерди карашы керек. Себеби алар азыр мекенинен жардам ала албайт, ал мүмкүн эмес. Аларды каржылап турган ата-энелеринин акыбалы оор", - деди Кадырбеков.

Былтыр 15-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестина мамлекетинин Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Жавад Авад менен Бишкекте жолуккан. Анда "кыргыз эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

"Министр Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну жактай турганын, палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү боюнча мыйзамдуу ажырагыс укуктарын колдоого толугу менен берилгенин белгиледи. Өз кезегинде элчи кыргыз тарапка жолугушуу жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Анда ушул жылдын 11-ноябрында Эр-Рияддагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан 8-кезексиз Ислам Саммитинде расмий Бишкектин палестина маселесиндеги позициясын өзгөчө белгиледи", - деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Талдоочу Орозбек Молдалиев Газа тилкесинде кырдаал курчуп турган да расмий Бишкектин тынсыздануу билдиргенин туура деп баалады.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Эдил Байсалов согуштук аракеттер токтотулушу керек деп, курмандыктардын санын айтып, буга байланыштуу түздөн түз Кошмо Штаттарына кайрылды. АКШны Израил мамлекетинин башкы демөөрчүсү деп атады. Израил түзүлгөндө эки чоң держава АКШ менен Советтер Союзу колдоп, тарыхта экөөнүн позициясы дал келген маселе ушул болчу. Ошондон бери АКШ колдоп келе жатат, колдогону чын. Израилдин өнөктөшү экени дагы чын. Байсалов дипломатиянын тилине салып башкача айтпай эле дароо "силер демөөрчүсүңөр, силер токтоткула" деп түз эле айтты. Кыргызстан деле Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ал жакта маселелер талкууланганда, добуш бергенде биз өз позициябызды билдире алабыз. Бул жерде же нары, же бери деп жүрө бербей, палестиналыктар тарабындабыз деп позициябызды билдиргенибиз туура. Газанын тургундары гуманитардык жардам дагы албай калышты. АКШ убактылуу порт куруп, ошол аркылуу гуманитардык жардам киргизебиз деп жатат. Учак аркылуу асмандан дагы таштап көрүштү. Азыр алар блокадада калды, катуу кысым болуп жатат".

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул геосаясий маселелерге токтолду. Израилди АКШ дагы кепке-сөзгө келтире албай жатканын белгиледи.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

"Бул жерде чоң геосаясат болууда, аны баарыбыз эле билип жатабыз. Дүйнөлүк деңгээлдеги саясаттан улам айтсак анда чоң державалар күрөшкөн дагы бир чоң фронт болуп калбадыбы. Жалпылап айтканда тилекке каршы, азыр дүйнөлүк үчүнчү согуштун баш жагында жүргөндөй абал сезилип жатат. Палестина менен Израил эки мамлекетти түзө албай калды. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин башталган да. Израилге АКШнын президентинин атынан канча жолу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен келип кетти. Акыркы жолкусунда Израилдин премьер-министрине катуу эле айткан. Бирок ага карабай дагы деле өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп жатат. Октябрдан бери тилекке каршы катуу жооп беришүүдө. Азыр дүйнө эмне кыларын билбей калды. Кайсы деңгээлде болбосун адамдарды, балдарды, жайкын тургундарды өлтүрүүнү айыптай беришибиз керек".

Рафахтагы кырдаал

Орозо айына карабай Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары аба соккуларга дуушар болууда. 19-мартта израил армиясынын аба чабуулдарынан мерт кеткен 14 адамдын сөөгү жерге берилди.

"Орозо айында ооз ача турган убакта биз ага даярданбай эле тааныштарыбыздын сөөктөрүн издөө менен алекпиз. Бул биздин тагдыр, Кудай баарын көрүп турат", - дейт качкындардын бири Ибрагим Хассун.

Рафахка абадан соккулар урулуп жатканы менен азырынча Израил аскерлерин киргизе элек. Эл аралык коомчулуктун басымынан улам өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху анын мөөнөтүн утур жылдырууга аргасыз болууда. Рафахтагы аскердик операция тууралуу тынчсыздануусун АКШ президенти Жо Байден да билдирди.

19-мартта Байден Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөндө ал Рафахка аскерлерди киргизүү чоң ката болорун эскертти. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди:

“Жердеги ири аскердик операция чоң ката болмок. Бул бейкүнөө жайкын тургундардын арасындагы жоготууларды көбөйтүп, гуманитардык кризисти дагы оорлотуп, Газа тилкесиндеги анархияны тереңдетип, Израилди эл аралык деңгээлде дагы обочолонууга алып келет”, - деди Салливан.

Рафах - Газанын түштүгүндө Египет менен чек арага жакын жайгашкан чакан шаар. Согушка чейин бул жакта 250 миңдей киши жашачу. Азыр бул жерде анклавдын ар кайсы жактарынан, Израил армиясынын бомбалоосунан качкан 1,5 миллиондой киши баш калкалоого аргасыз.

Нетаньяхунун кабинети 15-мартта аталган калаада жердеги операциясын баштоо планын жактырган. Израил өкмөтү карапайым тургундарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо боюнча планы бар экенин билдирип келет. Вашинтондун өкүлү Салливан кошумчалагандай, Нетаньяху карапайым тургундарды каякка чыгарып кетери тууралуу эч кандай план көрсөтө элек.

АКШнын президенти Жо Байден жана Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
АКШнын президенти Жо Байден жана Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланат

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа маселесин талкуулоо үчүн ушул аптада Жакынкы Чыгышка иш сапары менен барарын 19-мартта Мамлекеттик департамент билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сауд Арабиясынын жана Египеттин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Талкуулана турган негизги маселе – Израилдин жана ХАМАС тобунун (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) ортосунда Газа тилкесиндеги атышууну токтотуу, барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча мунасага жетишүү.

Шейшемби күнү Филиппиндеги иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Блинкен Газада гуманитардык кризис чегине жеткенин, ал жактагы жай тургундардын абалы өтө оор экенин айтты. Ошону менен катар ал Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун да эске алуу зарылдыгын кошумчалады.

Ок атышууну токтотуу жөнүндө буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Катар, Египет жана АКШ Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча январь айынын соңунда Парижде макулдашууга жетишип, аны тараптарга сунуштаган.

“Рейтерс” агенттиги палестин аткаминерлерине шилтеме жасап кабарлагандай, ал макулдашуу боюнча ок атышууну токтотуу жараяны эки баскычтан турат.

Алгачкы баскычта согуш 40 күнгө токтотулат. Бул убакыт аралыгында ХАМАС радикал уюму туткундагы 100дөй кишини бошотушу зарыл.

Кийинки баскычтарда жөөт аскерлеринин жана туткунда жатып каза болгондордун сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүү каралган.

Ал эми ХАМАС радикал уюму Газа тилкесиндеги ок атышууну төрт жарым айга токтотууну сунуштаган. Анда барымтадагы баардык туткундарды бошотуу, Израил Газа тилкесинен өз армиясын чыгарып кетиши жана согушту толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү каралган.

Биньямин Нетаньяху ХАМАС койгон шарттарды четке каккан.

Аш-Шифадагы рейд

Ал арада Израилдин армиясы - ЦАХАЛ билдиргендей, Газадагы эң ири деп саналган Аш-Шифа ооруканасындагы операция маалында ХАМАС радикал уюмунун 40тан ашуун жоочусу жок кылынып, террорчулукка шектелген 200дөй киши адам кармалды. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Израил ооруканада жогорку тактыктагы аскердик операциясын 18-марттын таңында баштап, муну ал жакта жашырынып жаткан хамасчыларды жок кылуу максаты менен түшүндүргөн. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо башкармалыгы ЦАХАЛдын операциясынын жыйынтыгында имараттардын биринде өрт тутанып, каза болгондор бар экенин билдирди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба агенттиги 18-мартта жарыялаган баяндамасында Газада учурда ар бир экинчи адамга тамак жетпей жатканы белгиленет. Уюмдун маалыматында, анклавда 2,3 млн киши жашаса, анын бери дегенде 576 миңи ачарчылык коркунучуна кептелди. Бир миллиондон ашууну жер которууга аргасыз болду. Эксперттердин эсебинде, эгер гуманитардык жардамга тоскоолдук болбосо бул жагдайды алдын алууга мүмкүн эле.

XS
SM
MD
LG