Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Зеленский: Орусия Харьковдо көздөгөн максатына жеткен жок


Украинаны президенти Владимир Зеленский
Украинаны президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембидеги видео кайрылуусунда орус күчтөрү Харьков облусун басып алуу планын ишке ашыра албай калганын айтты.

Bloomberg басылмасы дагы Москванын Харьков обулусуна “жарып кирүү” үчүн мерчемдеген убактысы бүтүп баратканын жазды. Басылма белгилегендей, бул маалда орус армиясы фронтто анча-мынча гана илгерилеп, аны менен катар “оор” жоготууга учурап, туңгуюкка кабылды. Ошол эле маалда украин жоокерлеринин колуна Батыштан барган курал-жарак тийип, кырдаал оң жагына ооп баратат.

Ишембиде украин армиясынын “Хортица” оперативдик-стратегиялык бөлүгүнүн басма сөз катчысы Назар Волошин жергиликтүү телеканалга Харьков облусунун Волчанск шаарынын орус күчтөрү ээлеп алган жерлеринин басымдуу бөлүгү украин армиясынын карамагында экенин айтты.

Немистердин Bild басылмасы украин армиясы орус күчтөрүн өткөрбөй кармап гана турбастан Волчанскиде мурун алдырып жиберген жерлерди кайра өз көзөмөлүнө кайтарып жатканын жазды.

Украинанын аскердик чалгын кызматы 9-июнда билдиргендей, Орусиянын Астрахан облусундагы аскердик аэродромдо турган заманбап Су-57 истребителин дрон сокку уруп кыйратты. Су-57 - орустардын соңку эң кубатуу истребители деп саналып, ал Х-59 жана Х-69 канаттуу ракеталарын алып жүрүүгө жөндөмдүү.

Орусиянын аскерлери оккупацияланган Крым жарым аралынын, Түндүк Осетиянын, Краснодар, Астрахан, Белгород, Брянск, Ростов жана Тула облустарынын үстүнөн украиндердин 27 дрону абада жок кылынганын билдирди.

Түндүк Осетия дрон чабуулуна кабылганы биринчи жолу кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG