Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:50

Тез жардам автоунаасына жол бербегендерге каршы рейд өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соңку учурда атайын сигнал, үн коштоочу каражаттарын жандырып бараткан тез жардам, өрт өчүрүүчү жана милициянын автоунааларына жол бербей, жарышып айдаган айдоочулар көбөйүп жатканын билдирди. Жакында аларга каршы атайын рейд өткөрүлөт.

“Бул кызматтык унаалар ыкчам түрдө жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактап калуу же кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында үн коштоочу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурда башка катардагы унаалардын жол бошотуп берүүлөрү зарыл экендигин айдоочуларга эскертүү иретинде өлкө аймагында “маяк” аталышында бир жумалык рейд өтөөрүн алдын ала эскертебиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда жол эрежеси боюнча тез жардам, өрт өчүрүү жана милициянын атайын кызматтык автоунааларына башка айдоочулар жол бошотуп берүүсү керек. Бул жол эрежесин бузган айдоочуга 10 миң сом айып пул салынат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG