Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

Ысык-Көлдө туристтик сезон расмий ачылды


Комуз формасындагы пристань. Ысык-Көл. 8-июнь, 2024-жыл.
Комуз формасындагы пристань. Ысык-Көл. 8-июнь, 2024-жыл.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезонго старт берилди. Анын ачылышы 8-июнда чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды.

"Ысык-Көл ITF 2024" туристтик жармаңкесине өлкөнүн бардык аймактарынан жана башка өлкөлөрдөн тур операторлор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр ишкерлер жана туристтер катышты.

Festival Issyk-Kul ITF 2024. June 8, 2024.
Festival Issyk-Kul ITF 2024. June 8, 2024.


Президенттин Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев быйылкы туристтик сезонго даярдык салыштырмалуу жакшы болгонун айтууда. Айрыкча тейлөө жагына басым жасалганын билдирип,, Ысык-Көл облусу конокторду тосууга даяр экенин айтты.

"Рух Ордо маданий борборунда расмий сезонду ачтык. Быйыл дагы туристтик агым көп болот деп божомолдоп турабыз. Келген ар бир конокко жакшы сервис, жакшы маанай тартуулап алалы деген пландар бар. Фестивалдын алкагында чет өлкөдөн келген адистер биздин официанттардан баштап, тазалоочу кызматкерлерге чейин окутушат", - деди Далиев.

Былтыр Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келип эс алган. Жайкы туристтик сезондо жагымсыз окуялар дагы коштолгон.

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынат. Мындан улам быйыл Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок, экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды. (AyK)

XS
SM
MD
LG