Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Түндүк Осетия дрон чабуулуна кабылды


Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.
Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.

8-июнь түнү жана таңында Орусиянын жана аннексияланган Крымдын үстүнөн 27 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлап, буга Украинаны айыптады.

Дрондор Түндүк Осетия, Краснодар крайы, Астрахан, Белгород, Брянск, Ростов жана Тула облустарынын үстүнөн да атып түшүрүлгөнү кабарланды. Аннексияланган Крымдын үстүнөн жана жарым аралга жакын аймактан экипажсыз эки катер жок кылынды.

Түндүк Осетия Украинадагы согуш башталгандан берки убакта алгачкы жолу чабуулга кабылды. Республиканын башчысы Сергей Меняйло дрондор Моздоктогу аэродромду бутага алышканын ырастады. Ал үч дрон атып түшүрүлгөнүн жазды, Коргоо министрлиги бир эле учкучсуз учак жок кылынганын билдирүүдө.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладковдун маалыматында, эки дрон Прохоровка кыштагындагы эки үйдүн жанына түшүп, жарылган. Дагы бири храмга тийген. Бардык имараттар жабыркаган. Адамдардан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.


Ростовдун губернатору Василий Голубев мунай иштетүүчү завод жайгашкан Новошахтинскийдин үсүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Завод акыркы убактарда учкучсуз учактардын бутасына алынууда.

"Жерде кыйроолор жана жабыркагандар жок", - деп жазды Голубев Телеграмга.

Чабуул жасалган башка облустардын губернаторлору да кыйроолор жана жабыркагандар жоктугун билдиришти.

Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагына дрондор менен соккулар тынбай урулуп келет. Апрель айынын башында дрондордун чабуулуна Украинадан 1200 чакырым алыс Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган. Москва бул кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга расмий комментарий бербейт. Орусиянын чек арага чектеш Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG