Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

БУУ Газада балдардын укуктары бузулуп жатканын жарыялайт


Нусейраттагы качкындар баш калкалаган мектепке урулган соккудан кеминде 40 киши өлгөн. Газа. 6-июнь, 2024-жыл
Нусейраттагы качкындар баш калкалаган мектепке урулган соккудан кеминде 40 киши өлгөн. Газа. 6-июнь, 2024-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш келерки аптада Коопсуздук Кеңешине Израил да, ХАМАС да куралдуу кагылышта балдардын укуктарын бузуп, аларды коркунучка дуушар кылып жатканын айтат. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги жазды.

Баш катчы жыл сайын балдарды коркунучка кептеген мамлекеттердин жана уюмдардын дүйнөлүк тизмесин түзөт. Тизмеде Мьянмадагы Качин эгемендик армиясынан тартып, Украинага согуш ачкан Орусияга чейин бар.

Эми аларга Израил менен ХАМАС да кошула турган болду.

Антониу Гутерриш тизмени Коопсуздук Кеңешине жөнөтөт жана кеңеш андан кийин чара көрүүнү чечет.

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги вето укугуна ээ туруктуу беш мүчө өлкөнүн бири. Кеңештеги дагы бир туруктуу мүчө Орусия.

6-июнда таң эрте алты миңдей палестиналык башкалкалап турган мектепке сокку урулуп, бери дегенде 40 киши набыт болгону, 74 киши жараат алганы кабарланган. АКШ жана Европада террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси өлгөндөрдүн арасында 14 бала жана тогуз аял бар экенин билдирген.

БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Дэннис Фрэнсис аба соккусун айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG