Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Дарт тооруган кино ишмери Эмил Атагелдиев жардамга муктаж


Эмил Атагелдиев.
Эмил Атагелдиев.

Кыргызстандык пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев рак дартына чалдыгып, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж болуп турат. Анын саламаттыгы жөнүндө айтып чыккан кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурады. Өнөр адамына болжол менен 50 миң доллардай каражат керек экени айтылды.

"Биздин дарыгерлер эч нерсе кыла албайбыз дешти"

Таланттуу пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев учурда башынан оор сыноону өткөрүп жатат. Ага быйыл жаз айында дарыгерлер 3-4-стадиядагы онкологиялык дарты (остеосаркома) бар деген диагноз коюшкан. Учурда ал өз алдынча баса албай калган.

Жубайы Жамиля Нусупбекованын айтымында, музыкант азыр Гүлзада Жороева атындагы жеке реаблитациялык борбордо жатат.

"Биз азыр Түркияга барабыз деп аракет кылуудабыз. Кайрымдуулук үчүн атайын эсептер ачылган. Бирок акчанын чогулушу жай жүрүп жатат. А Түркияга чоң суммадагы каражат керек. Эгер ойдогудай жардам чогулуп калса, башка өлкөлөргө да барып дарыланып көрөлү деп жатабыз. Биздин доктурлар Эмилдин анализдерин көрүп "эч нерсе кыла албайбыз" дешти".

Нусупбекова билдиргендей, жолдошу оор дартка чалдыкканын быйыл жаз айында гана билген. Ага чейин бир жыл мурун жамбаш сөөгү кээде ооруй калып, мындайда ал массаж жасатып, өз алдынча гана дарыланып жүргөн экен. Жергиликтүү дарыгерлер апрель айында ага операция жасашканда гана омурткасында шишик барын, ал жамбаш сөөктөрүнө чейин өтүп кеткенин айтышкан.

Эмил Атагелдиев.
Эмил Атагелдиев.

"500 миң сом гана чогулду. Минимум 50 миң доллар керек"

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиевдин кесиптештери, жакындары учурда коомчулукка байма-бай кайрылууларды жасап, коомчулуктан көмөк сурашууда.

Алар өлкө президенти Садыр Жапаровго, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге, маданият министри Алтынбек Максүтовго да кайрылып, музыканттын маселесин чечип берүүсүн суранып жатышкан экен.

Бирок кайрымдуулук иштеринин башында жүргөн Атагелдиевдин кесиптеши, продюсер Эрке Жумакматова учурда жогору жактагылардан жооп келе элек дейт:

Эрке Жумакматова.
Эрке Жумакматова.

"Алдыда Эмил Түркияда бир канча этаптан турган радиациялык жана химиялык терапиялардан өтүшү керек. Биринчи этабына эле жол акыларын кошкондо 15 доллардай каражат керек экен. Ал жактагы дарыгерлер негизинен протокол боюнча 6 сеанстан өтүшү керектигин айтып жатышат. Демек минимум 50 миң доллардай каражат керек болууда. Тилекке каршы, учурда жарым миллион сомдой гана каражат чогулду. Биз бийлик башындагылар да жардам берсе деп турабыз. Бирок жарнамалар кетип жатканына карабай азырынча жогору жактан эч ким байланышка чыга элек. Кесиптештери, жакындары чогулуп пресс-конференция өткөрдүк. Эми жакшы үмүт кылуудан башка аргабыз жок".

Атагелдиевдин устаты, Эл артисти, пианист Полина Цокуренко шакиртинин өлкө маданиятына жасаган эмгегин айтып, эми ага жапа тырмык колдоо кылууга чакырууда:

Полина Цокуренко.
Полина Цокуренко.

"Азыр анын ден соолугу үчүн биринчи кезекте каражат маанилүү болуп турат. Эмил, менимче, өзү үчүн эмес, өлкө маданияты үчүн көп иштерди жасады. Кыргызстан профессионалдык музыкалык маданияттын өлкөсү деп таанылганына анын салымы бар. Анткени Францияда, Италияда, Израилде жана дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөгү эл аралык музыкалык сынактарда байгелүү орунду ээлеп, желегибизди желбиретти. Президенттерибиз да ага өз кезегинде сый мамиле жасап келди. Кыргызстандын өзүнүн профессионалдык музыкалык маданияты жок деп азыр эч ким айта албайт. Эми Эмил минтип кыйын күндөргө кабылган кезде анын мекендештери жардам колун сунса дейм".

Эмил Атагелдиев, Эрке Жумакматова.
Эмил Атагелдиев, Эрке Жумакматова.

"Адабият, музыка, философияга каныгып өскөн"

48 жаштагы режиссер, сценарист, кесипкөй музыкант Эмил Атагелдиев музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган.

1994-1998-жылдары Москвадагы Гнесина атындагы музыкалык академияда окуган. 1999-жылы Париждеги Альфред Корто атындагы Жогорку музыкалык мектептин аспиранты болгон.

2001-2007-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын фортепиано кафедрасында сабак берген.

Мына ушундан кийин ал бала чагынан бери кинорежиссер болуу кыялын орундатууну каалап кино дүйнөсүнө баш баккан.

2007-жылы Кинематографияны өнүктүрүү фонду уюштурган кинорежиссерлор үчүн биринчи билим берүү курсуна катышса, 2010-жылы Москвадагы сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсун аяктаган.

Эмил Атагелдиев, Абдуалим Мамадалиев.
Эмил Атагелдиев, Абдуалим Мамадалиев.

Кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков Атагелдиевди киного атайын даярдык менен келгенин айтууда:

Артыкпай Сүйүндүков.
Артыкпай Сүйүндүков.

"Эмил Атагелдиев, биринчиден, бир канча өлкөгө белгилүү болуп калган музыкант. Ал Европа, Азия, Америкадан бери кыдырып концерт коюп келген. Анан жаштайынан киного да кызыгып жүрчү экен. Ошол максатын ишке ашырып, кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги режиссердук курста окуду. Анан 2008-жылы музыкант тууралуу “Аноним” аталышында кыска метраждуу тасма тартты. Ал эмгеги профессионалдык жактан жогору, психологиялык мааниси терең, мыкты тасма болду. Бул киши өзү адабият, музыка, философияга каныгып өскөн. Ошондуктан кино, музыка тармагындагы азыркы жаш муундун ичинен өзүнүн билими, кенен дүйнө таанымы менен айырмаланып турат. Соңку учурларда 2-3 кино долбоорунун үстүндө иштеп жаткан. Эми минтип дарт сынап жатат".

"Убакыт бизге каршы иштеп жатат"

Эмил Атагелдиев мындан төрт жыл мурун "Көл" аттуу тасма тарткан. Бул эмгеги айрым чет мамлекеттердеги фестивалдарга катышкан. Философиялык мазмунду камтыган бул тасмада башкы каармандардын бирин ойногон актер Болот Тентимишов буларга токтолду:

Болот Тентимишов.
Болот Тентимишов.

"Ал жеке эле кыргыз музыканттарынын арасында таанылбастан, чет өлкөлүк кесиптештери менен теңтайлашып үзүрлүү эмгектенип келе жаткан таланттуу жигит. Өзүм үчүн ачылыш болгону - Эмилдин режиссерлугунун астында тартылган “Көл” аттуу тасмада бир каарманын ойногом. Арт-хаус жанрындагы (жеке авторлук көз караш менен тартылган фильм) бул тасма ийгиликтүү чыккан. Кыска метраждуу кино болсо дагы жеке мен үчүн да кызыктуу тасма болгон. Аны жакындан тааныган чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү колдон келишинче көмөк кылып жатабыз. Өкүнүчтүүсү анын дарты бар экенин эрте билбептирбиз. Продюсер Эрке Жумакматова ушул учурларда айрыкча тикесинен тик туруп, кайрымдуулук иштеринде чуркап жүрөт. Өкмөткө чейин кайрылуу жолдодук. Таланттуу замандашыбыздын ден соолугуна кайдыгер карабаган инсандар жардам колун сунуп жатышат. Тилекке каршы, убакыт бизге каршы иштеп жатат, дарт болсо өрчүп жатат. Жараткан ден соолук берип, батыраак катарыбызга кошулсун".

Атагелдиев азаптуу дартка чалдыкканча Франция, Швейцария жана Сербия мамлекеттери менен биргеликте тартылган “Курак” тасмасына да режиссерлук кылып жаткан. Учурда тасманы монтаждоо иштерин Эрке Жумакматова колго алыптыр.

Оор сыноону баштан кечирип жаткан өнөр ээси 2014-жылдан бери Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. Ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ, Бишкек) Телевидение, кино жана медиа-искусство факультетинин мугалими.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG