Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Ошто мэр мончолордун коопсуздугун текшерүүнү тапшырды


Кырсык болгон “Байкөл” мончосу. 5-июнь, 2024-жыл.
Кырсык болгон “Байкөл” мончосу. 5-июнь, 2024-жыл.

Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан жеке менчик “Байкөл” мончосунан чыккан өттө жабыркап ооруканага түшкөн жети киши абалы жакшырганы себептүү үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын директору Шаятбек Абдурахманов 6-июнда “Азаттыкка” билдирди.

5-июнда мончодогу жарылууда ага жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жана жатак мектептин терезелери талкаланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлиги чогуу иш алып барып жатканын билдирди.

Өрт чыккандан кийин жергиликтүү тургундар мончо эл жашаган үйлөргө жакын салынып калганын, бул боюнча мамлекеттик мекемелерге бир нече ирет кайрылганын “Азаттыкка” билдиришти. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы бардык мончолордун коопсуздугун текшерүүнү тапшырды.

5-июнда Оштогу жеке менчик мончонун суу казаны жарылып кетип, өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт толук өчүрүлгөнүн, андан жабыркаган жети адам “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилгенин маалымдаган.

ӨКМ ушул эле күнү Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан дагы бир мончодон өрт чыкканын, андан жабыркагандар жок экенин билдирген. (DSh)

XS
SM
MD
LG