Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусияда аскер казармада граната жардырганы үчүн соттолду


Орус армиясына мобилизациялангандар. 2022-жыл
Орус армиясына мобилизациялангандар. 2022-жыл

Орусияда аскердик сот казармада граната жардырган Дмитрий Лобовиковду 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести.

Жазасынын алгачкы беш жылын ал абакта отурмакчы. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына шилтеме менен ТАСС кабарлады.

Арачылар сотунун чечиминин негизинде мобилизацияланган Лобовиков адам өмүрүнө кол салуу аракети, эки же андан көп кишини өлтүрүү, ден соолукка жеңил же орто зыян келтирүү, мүлктү атайылап жок кылуу жана жардыргыч затты мыйзамсыз сактоо үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага айып пул салынды жана кенже сержант деген чинден ажыратылды.

Лобовиков Белгород облусундагы аскердик бөлүктө взводдун командири болчу. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал былтыр 14-январга караган түнү спирт ичимдигин ичкенден кийин нөөмөттө тургандарды текшерүүнү чечкен. Аскерлерди ойготуп, гранатаны алып чыккан, кийин аны башка взводдун жоокерлери уктап жаткан бөлмөгө ыргыткан. Гранатанын айынан бир нече газ баллону жарылганда жети аскер каза таап, 16 киши жараат алган.

Лобовиковдун адвокаттары кырсык болгонун айтып келет. Алардын маалыматында, ал Украинадагы согушта чабуул коюучу отрядда кызмат өтөгөн жана тажрыйбалуу аскер болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG