Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


2-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн дээрлик жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет,

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24.

Бийик тоолуу райондордо 0…5, күндүз 3…8.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG