Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Францияда теракт даярдоого шек саналып Чеченстандын тургуну кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары учурунда Сент-Этьен шаарындагы футбол стадионуна кол салууну пландаган деген шек менен 18 жаштагы Чеченстандын тургуну Францияда камакка алынды.

Бул тууралуу Reuters жана Le Monde басылмасы жазып чыкты.

Француз тартип коргоо органдарынын версиясында, кармалган адам Олимп оюндарынын алкагында алты футбол мелдеши өтө турган "Жоффруа Гишар" стадионуна кол салууну пландап жаткан. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин белгилегендей, шектүү стадиондо "көрүүчүлөргө да, полицияга да" кол салууга "активдүү даярданган". Андан соң өзү "шейит катары өлүүнү" көздөгөн. Ал Олимпиада учурунда кол салуу аракеттерин Франциянын чалгын кызматтары алдын алганын белгиледи.

BFMTV телеканалынын маалыматында, тергөөчүлөр колго түшкөн чечен улутундагы адамды террористтик кылмыштуу бирикменин жетекчиси деп эсептешет. Басылма шектүү Францияга 2023-жылы ата-энеси менен чогуу келгенин жазды.

Мурдараак Франциянын полициясы 29-майда бир катар шаарларда, анын ичинде Реймс, Страсбург жана Тулузада чечен диаспорасынын ондой өкүлүн кармаганы маалымдалган. Алар радикалдашууга шек саналып жатканы кабарланган.

Кезектеги, 33-жайкы оюндар быйыл Парижде 26-июлдан 11-августка чейин жүрөт. Жалпысынан оюндарды көрүү үчүн Парижге миллиондогон туристтер бара турганы кабарланууда. Буга байланыштуу Франция өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүү аракетин көрүп жатат.

Олимпиаданын ачылыш салтанаты Парижде 26-июлда болот. 2023-жылы декабарда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) орусиялык жана беларустук спортчуларга Олимпиадага нейтралдуу желек алдында катышууга уруксат берген.

Буга чейин Эл аралык олимпиада комитети орусиялык жана беларустук спортчуларга спорттун жеке түрлөрү боюнча гана катышууга уруксат берип, бирок командалык оюндарга катыша албай турганын билдирген. Нейтралдуу макам берилген спортчулар өлкөнүн символдору жок кийим кийим менен катышуусу керек. Ошондой эле аскер кызматкерлери, социалдык тармактарда Украинадагы согушту колдобогон адам болбошу керек.

Жайкы Олимпиада оюндары Францияда буга чейин 1900-жылы жана 1924-жылы да уюштурулган.

XS
SM
MD
LG