Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Бишкек ЖЭБинин адиси пара алууга шек саналып кармалды


Бишкек ЖЭБи, иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБи, иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3200 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалганын 1-июнда кабарлады.

Шектүү энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 27-майда жеке ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтын маалыматында, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштуруу, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоо жана бурмалоого шек саналууда.

Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1961-жылы сентябрда ишке кирген. Учурда ишканада 1600 киши иштейт. ЖЭБ химиялык, механикалык, борбордук оңдоп-түзөө, электр, буу казан жана башка болуп жалпы тогуз цехтен турат.

2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулуксуз калган. Кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, мурдагы бир нече жетекчи соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG