Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Президент уулу катышты делген курулуштар тууралуу иликтөөгө жооп берди


Садыр Жапаров. Бишкек. 20-март, 2024-жыл.
Садыр Жапаров. Бишкек. 20-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ири курулуштар анын уулу жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жакын адамдарынын компанияларына берилгени айтылган иликтөөгө жооп берди.

"Кабар" мамлекеттик" агенттигине кезектеги маегин берген Садыр Жапаров өлкө боюнча мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар баштала тургандыгын айтып, ага катышууну каалаган ар бир компанияны кызматташууга чакырган.

"Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 млн 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 млн 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айласы кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үй 3 млн 300 миңден бүтүп калды. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөдүк. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү “Кыргызкурулуш сервис” курууда. Бул – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда "Бест Хаус Гранд" (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан "под ключ" куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат", - деген президент Жапаров.

Буга чейин Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооп” басылмалары Кыргызстандагы курулуш жана башка багыттагы ири долбоорлор жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялаган. Иликтөөдө мамлекет ишке ашырып жаткан 11 долбоор тууралуу кеп болот. Анын ичинен алтоону каржылоонун суммасы 137 млн долларды түзөрү, калган бешөөнө канча акча бөлүнгөнү белгисиз экени баяндалат.

Журналисттер долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компаниянын аталыштарын жана кожоюндарын аныктап чыгышкан. Материалдарда алардын баары бири-бири менен байланышта экени, жетекчилери же ээлери президент Садыр Жапаровго, анын уулу Рустам Жапаровго жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катышы бар экени баяндалган.

Мамлекет башчы муну "ойдон чыгарылган жалган иликтөө" деп атап, өкмөттүк басылмаларга "андай медиаларга жооп берип убактыңарды коротпогула деп буйрук" бергенин, өзү акыркы жолу жооп берип жатканын кошумчалаган.

"Башка каалоочу компаниялар келсе, МИКтин эшиги ачык. Ошол эле сындап аткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындары да келсин. Аларга да курулуш ишин аткарууга объект бергенге даярбыз. Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан "под ключ" куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт", - деп айтылат Жапаровдун маегинде.

Президент ири курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушканын, алар “бул суммада пайда түшпөйт" деген негизде макул болушпаганын айткан.

Иликтөөлөрдө аталган долбоорлор соңку үч жыл ичинде ар кайсы убакта башталган. Айрымдары аяктаса, кээ бири дале уланууда. Алардын айрымдары боюнча башка медиалар, анын ичинен “Азаттык” да иликтөө жасаган.

XS
SM
MD
LG