Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Ошто "Робототехника жана Жасалма интеллект" борбору ачылды


Оштогу "Робототехника жана Жасалма интеллект" борбору. Май 2024
Оштогу "Робототехника жана Жасалма интеллект" борбору. Май 2024

31-майда Ош мамлекеттик университетинде Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте "Робототехника жана Жасалма интеллект" борбору ачылды.

Окуу жайдан "Азаттыкка" маалымдашкандай, ОшМУ тарабынан №12 кесиптик лицейдин аймагына бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания 5 млн долларлык робототехникаларын жана керектүү жабдууларын алып келген.

Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу пландалган.

2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.(DSh)

XS
SM
MD
LG