Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

ИИМ чет элдиктерди сабоого шектүүлөрдүн баары кармалганын билдирди


18-майга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн айылындагы тигүү цехинде болгон окуя.
18-майга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн айылындагы тигүү цехинде болгон окуя.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар боюнча бардык шектүүлөр аныкталып, кармалганын билдирди.

“Азаттыкка” берген комментарийинде 11 кылмыш иши козголуп, 75 жабырлануучу такталганын айтты. Жабыр тарткандар Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Бардыгы болуп кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21 жараны кармалды. Андан тышкары Египеттин төрт жаранына иш козголуп, үй камагына чыгарылган.

13-майга караган түнү Бишкекте Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 11 кылмыш ишин козгогон.

Ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, беш киши кылмышка шек саналып кармалган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG