Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Ишкер Тимур Файзиев үй камагына чыкты


Тимур Файзиев
Тимур Файзиев

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин үй камагындагы мөөнөтү 4-июлга чейин узартылды. Жогорку соттун басма сөз кызматы бейшембиде тараткан расмий маалыматта "буга чейин аны үй камагына бошотуу тууралуу чыгарылган чечим узартылганы" белгиленген. Өтүнүчтү Тергөө тобунун жетекчиси киргизип, аны 29-майда Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырган.

Мунун алдында айрым басылмалар Файзиев мамлекетке 3 миллион АКШ долларын төлөп, абактан чыкканын жазган.

2023-жылдын 9-октябрында кармалган Тимур Файзиевге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалганы кабарланган.

Атайын кызмат анын алдында билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да колго түшкөн.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМК уюштурган атайын операция маалында өлтүрүлгөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG