Орусия “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Мындай сунушту 27-майда Ички иштер жана Юстиция министрликтери президентке киргизди. Бул кыймылга Орусияда дээрлик 20 жылдан бери тыюу салынган. Буга чейин Казакстан да талибдерди "кара тизмеден" чыгарган.