Кыргызстанда уран казууга жол ачкан мыйзам долбоору 1-окуудан өттү
Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен “Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарган бул документке макулдугун берди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев парламентте мыйзам долбоору тууралуу маалымат берип жатып, анын максаты уран казуу эмес экенин айтып, бул документ өлкөнүн экологиясы жана экономикасы үчүн керек деп билдирди.
Айрым депутаттар уран казууга жол ачылса, кесепети оор болорун айтышты. Мыйзам долбооруна байланыштуу кеңири талкуу болгон жок.
Үч медианын иликтөөсүн президенттик администрация четке какты
Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооп” басылмалары Кыргызстандагы курулуш жана башка багыттагы ири долбоорлор жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялады. Иликтөөдө мамлекет ишке ашырып жаткан 11 долбоор тууралуу кеп болот. Журналисттер бул долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компаниянын аталыштарын жана кожоюндарын аныктап чыгышкан. Материалдарда алардын баары бири-бири менен байланышта экени, жетекчилери же ээлери президент Садыр Жапаровго, анын уулу Рустам Жапаровго жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катышы бар экени баяндалган. Президенттин администрациясы иликтөөдө айтылгандарды жокко чыгарып, "каралоо максатында даярдалган" деп комментарийледи.
Зомбулуктан коргоо мыйзам долбоору артка кайтарылды
Жогорку Кеңеш "Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо" тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, артка кайтарды. Айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен мыйзам долбоорун колдоодон баш тартышты. Милициянын маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды.
Украина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун билдирди
Сумы облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, 29-майдын таңындагы соккудан эки киши каза болду, үчөө жараат алды, үйлөр талкаланды. Чернигов облусунун башчысы Вячеслав Чаус 48 жаштагы жергиликтүү тургун ок-дарынын сыныгы башына тийип каза болгонун билдирди. Украинанын Башкы штабы Орусия аталган эки облуста аскерлерин көп топтой баштаганын билдирген. Донецк облусунда кечээтен бери үч кишинин өмүрү кыйылганын, 14 киши жараат алганын облус башчысы Вадим Филашкин маалымдады. Херсон облусунда кечээ бир киши каза болгону кабарланган. 25-майда «Эпицентр» гипермаркетиндеги соккудан жараат алгандардын дагы бири ооруканада каза болгону, курмандыктардын саны 19га жеткени маалымдалды.
AI: Дүйнөдө жүзөгө ашырылган өлүм жазасы боюнча көрсөткүч он жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында белгиленгендей, 2023-жылы 1153 киши өлүм жазасына тартылган (Кытайдагы миңдеген ыктымал окуяларды эсепке албаганда), бул 2022-жылга салыштырганда 30% көп. Кытай бийлиги өз статистикасын ачык жарыялабайт. Уюм жазалоонун бул түрү көбөйдү деп Иранды өзүнчө бөлүп талдап, бийлик "калк арасында коркуу сезимин жайылтуу жана бийликтин көзөмөлүн бекемдөө" максатында 2023-жылы кеминде 853 кишини дарга асканын, бул бир жыл мурдагыга караганда 48% көп экенин белгиледи. Өлүм жазасына тартылган адамдардын кеминде 24ү аял экени, дагы кеминде бешөө кылмыш жасаганы тууралуу айып тагылган учурда жашы жете элек куракта болгону маалымдалды. Былтыр өлүм жазасы колдонулган өлкөлөрдүн саны былтыр азыраак (16) болгону кабарланды.
Иранда укук коргоочу журналистке 21 жылдык жаза мөөнөтү чегерилди
Иранда аял укугун коргоо менен алектенип келген журналист Зина Модарес Горжиге жалпысынан 21 жылдык жаза мөөнөтү чегерилгенин «Фарда» радиосу жазды. Kurdpa укук коргоо порталынын маалыматына караганда, сот ага «режимди кулатууга багытталган мыйзамсыз топ түзгөн» деп 10 жыл, «душман топтор жана өкмөттөр менен кызматташкан» деп дагы 10 жыл жана «режимге каршы үгүт» деген айып менен бир жыл берди. Ирандын мыйзамдарына ылайык, эгер бир нече жаза мөөнөтү чегерилсе, анын эң узагы колдонулат. Горжи 10 жыл абакта отурушу керек болот, бирок соттун кошумча чечими менен ага 10 жылдык сүргүн мөөнөтү да чегерилди. Өкүм расмий түрдө 23-майда жарыяланганын, апелляциялык арыз жазыларын журналисттин тарапташтары жана адвокаты билдиришти. Алар соттун мыйдай өкүмүн оюн ачык билдиргендерди, адам укугу боюнча маселе көтөргөндөрдү коркутуп-үркүтүү, саясий куугунтук деп атап жатышат.
Польша Беларус менен чек арасына буфердик зона түзөрүн билдирди
Польша Беларус менен чек ара тилкесине 200 метрлик буфердик зона түзөрүн 29-майда өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирди. Ал польшалык аскерлер жана офицерлер чек араны азыркыдай шартта кайтарып, өмүрүн тобокелдикке салып жатканын белгиледи. Польшанын Беларус менен чек арасынын жалпы узундугу 398 чакырымды түзөт. Дүйшөмбү күнү Беларус тараптан 50 чакты чет өлкөлүк жаран күчтөп өтүүгө аракет кылганда чек арачылардын бирине бычак менен кол салышкан. Туск Польша Беларус жана Орусия менен чек арасын “эч ким өтө алгыс” кылып бекемдөөгө, ал жактагы коопсуздугун камсыздоого 10 миллиард злотый (2,55 миллиард доллар) сарптай турганын 18-майда билдирген.
“Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы онунчу ирет басылып чыкты
Алыкул Осмоновдун котормосундагы грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы 10-ирет басылып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев билдирди. Акындын эркин котормосу 1940-жылы латын тамгасында чыгарылган алгачкы котормо китебине салыштырылып, толукталып, оңдолуп басылган. Жыйнак Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына, котормонун 85 жылдыгына арналып, бет ачары Грузиянын эгемендик күнүн утурлай, 25-майда Бишкекте өттү. “Улуу тоолор” басмаканасынан 500 нускада чыккан китепке Грузиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык көмөк көрсөткөн.
"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.