Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Израил аскерлери Рафахтын борбордук бөлүгүнө киргени кабарланды


Газа.
Газа.

Израил аскерлери Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борбордук бөлүгүнө кирип барышканын бүгүн 28-майда жеринен баяндаган күбөлөргө таянып NBC жана Reuters маалымдашты. Израилдик танктарды ал-Авда мечитинин жанынан көрүүгө мүмкүн экени кабарланды.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Рафахта операциясын улантып жатканын билдирди, шаардын борборундагы аракеттери боюнча расмий маалымат бере элек. 28-майга караган түнү алар Газанын Египет менен чектеш тилкесиндеги Филадельфия коридору деп аталган буфердик зонада болушканы гана маалымдалды.

Рафахтын тургундары түндө израилдик аскерлер “шаарды танк менен аткылап, абадан чабуул коюп чыкканын” айтып беришти.

ЦАХАЛ «террористтик объекттер бар экендигин көрсөткөн чалгын маалыматка негизделген ыкчам иш-аракеттер» жүргүзүлгөнүн билдирди:

«Аскерлер террорчулар менен жакын аралыктан салгылашып, ошол жерден террорчуларга таандык туннелдерди, курал-жарак жана башка инфраструктураны таап жатышат».

27-майга караган түнү, Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын соккусунан Рафахта кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылган, жүздөгөн киши жараат алган.

28-майдын түнү да Рафахка авиа сокку урулганын, танктар да колдонулганын, дагы 16 киши каза болгонун Reuters билдирген.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Рафах шаары, Израилдин маалыматына караганда, 7-октябрдагы кол салууну уюштурган ХАМАС тобунун согушкерлеринин акыркы таянычы.

Бирок бул шаарда Израилдин сектордун башка аймактарындагы чабуулдарынан качып барып, баш калкалап турган жүз миңдеген, айрым маалыматтарга караганда, миллионго жакын жай тургун да бар экени айтылып келет.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди Рафахта толук операция баштабоого чакырган.

Кошмо Штаттар эгер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз аскерлерине Газа секторунун Рафах шаарына ири чабуул баштоо тууралуу буйрук бере турган болсо курал-жарактын айрым түрлөрүн жөнөтүүсүн токтоторун 8-майда CNN телеканалына курган маегинде АКШ президенти Жо Байден билдирген.

Байден Израилдин Газада жети айдан бери жүрүп жаткан чабуулдарында бул өлкөгө берилген америкалык бомбалар жай тургундардын өлүмүнө алып келгенин моюнга алып, Кошмо Штаттар Израилди колдоосун улантарын, ракеталарды атып түшүрүүчү системаларды жана башка коргонуу курал-жарагын жөнөтө берерин айткан. Бирок Рафах маселесине келгенде АКШ Израилдин ал жакта жүргүзүшү ыктымал операциясын курал менен жабдыбай, артиллериялык снаряд да жөнөтпөй турганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG