Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Шакиев Аксыда селден жабыркаган төрт үйгө өз фондунан 200 миң сомдон бөлдү


Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып жаткан учуру. Аксы, Жалал-Абад, Кыргызстан. 28-май, 2024-жыл.
Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып жаткан учуру. Аксы, Жалал-Абад, Кыргызстан. 28-май, 2024-жыл.

28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып, табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу багытында көрүлүп жаткан чаралар менен таанышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барды.

Төраганы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жетекчилер коштоп барып, жасалып жаткан иштер боюнча жеринде маалымат беришти.

Шакиев Кара-Камыш айыл аймагындагы Чарба айылында болуп, Кара-Суу дарыясынын нугун буруп, жээгин бекемдөө жаатында мерчемделген иштердин долбоорун көрдү. Андан кийин Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайды, Кара-Камыш, Жүзүмжан, Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарындагы сел баскан үйлөрдүн абалын көрдү.

Парламенттин төрагасы селден олуттуу зыянга учураган 4 турак-үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирди. Тургундар менен жолугушууда оорукана куруу, тез жардам унаасын бөлүү жана өрт өчүргүч кызматын ачуу өңдүү талаптар айтылды.

26-майда нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айылында элүүдөн ашык үйлөрдүн короолоруна, жер төлөсүнө жана ичине суу ташкыны кирип, үч мал сарай урап калган. Буга байланыштуу райондун аймагында ошол күндөн тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилип, 250дөн ашык тургун эвакуацияланган.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады. Селден улам апрелде Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG