Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

"Москва ыйык жеңишти баскынчы согушту актоого колдонууда"


Экинчи дүйнөлүк согушту эске салган Т-34 танкы Кызыл аянтта параддан өтүп баратат. 9-май, 2024.
Экинчи дүйнөлүк согушту эске салган Т-34 танкы Кызыл аянтта параддан өтүп баратат. 9-май, 2024.

Орусияда Жеңиш күнү үчүнчү жолу Украинадагы согуш уланып, шаар-кыштактар аткыланып, бейкүнөө адамдар каза таап жаткан чакта белгиленүүдө. Аналитиктер бул майрам Орусияда эбак эле саясатташып, аскердик күчүн даңазалоо күнүнө айланганын, тарыхый эс тутум пропагандага алмаштырылганын айтышат.

СССРдин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 79 жылдыгына арналган Москвадагы парадга 9 миңдей аскер, анын ичинен бир миңдей ардагер катышты.

Украинада согушуп келгендер Кызыл аянттан өзүнчө бөлүк болуп өтүштү. Үч жылдан бери Орусияда Жеңиш күнү Украинада уруш уланып жаткан маалда белгиленүүдө. Орус аскерлери кошуна өлкөнү күнүгө аткылап, карапайым калкты бейпайга салууда жатат. 9-майда Днепропетровск облусундагы Никополь шаарында эки жайкын киши окко учканын, экөө жарадар болгонун жергиликтүү администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Алдыңкы күнү мектептип стадионуна тийген дүрмөттөн Харьков шаарында 3 өспүрүм оор жаракат алган.

Орус президенти Владимир Путин Украинадагы атайын аскердик операциянын катышуучуларын (Орус бийлиги согушту ушинтип атап жүрөт - ред.) “баатырлар” деп атады.

Ал Жеңиш күнүн Орусиянын “негизги майрамы” катары сыпаттап, "тарыхты бурмалап жатат" деп кайрадан Батышты сындады.

"Бүгүн Экинчи Дүйнөлүк согуш жөнүндө чындыкты бурмалоо аракетине күбө болуудабыз. Ошол чындык аларга эки жүздүүлүккө жана калпка байланган колониалдык саясатын курууга тоскоол кылууда. Алар нацизмге каршы күрөшкөндөрдүн эстеликтерин түрттүрүп, чыккынчыларды жана гитлерчилерге көмөктөшкөндөрдү көтөрмөлөп жатышат".

Талдоочулар, эксперттер бул майрам Орусияда эбак эле саясатташып кеткенин, Москванын аскердик күчүн даңазалоо күнүнө айланганын, тарыхый эс тутумду пропагандага алмаштырышканын айтышат.

Тарых илимдеринин кандидаты, аскердик-саясий аналитик Юрий Федоров “Настоящее время” телеканалына берген интервьюда Москва ар дайым параддарга аскердик техникасын тартуу менен Батышка өз күчүн көргөзүүнү көздөп келгенин белгиледи:

“Кызыл аянтка адатта “Армата” өңдүү танктар, эң заманбап, эң кубаттуу деген курал-жаракты, өз кезинде катуу жарнамаланган башка танктар менен бронетранспортерлорду алып чыгышчу. Бирок алар реалдуу салгылаштарга жарабайт экен. Ошон үчүн бул жолу символикалык түрдө Экинчи дүйнөлүк согушту эске салган Т-34 танкын көрсөтүштү”.

Былтыркыдай эле Москвадагы парадга бул ирет аскердик техника Украинадагы согуш баштала электеги жылдар менен салыштырганда азыраак катышты. Ошол эле маалда ядролук дүрмөт ташууга кудуреттүү “Искандер” тактикалык ракеталары, континет аралык “Ярс” ракеталары жана С-400 зениттик комплекстер Кызыл аянттан өттү.

Прагадагы Карлов университинин кызматкери, социолог жана тарыхчы Дмитрий Дубровский 9-майдагы парад, милитаризмди даңазалоо Орусия Украинага бысып кире электе эле пропаганданын куралына айланып, орус коомун ошол "кол салууга даярдаган" деген ойго кошулат:

“Орусия согушка символикалык колдоо табуу үчүн бар арсеналды топтоого аракеттенүүдө. Ошондой арсеналдардын бири - чексиз баяндар, музейлер, көрсөтмөлөр, ар кыл коомдук иш-чаралар Украинадагы согушту Улуу Ата мекендик согуш менен байланыштырышат. Муну менен өткөн-кеткенибизди, татаал тарыхыбызды кылмыштардын, геноциддин, болочок трибуналдын себебине чубап чыгышууда... Кайсы бир учурда согуш ардагери деп атайын аскердик операциянын ардагерлери аталып калат. Акыр аягында ыйык, нацизмден бошоткон уруш менен азыркы адилетсиз жана агрессивдүү согуштун ортосундагы айырма жок болуп калат”.

Коноктор арасында Кызыл аянттагы трибунада Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Беларустун президенттери, Лаос, Гвинея-Бисау жана Кубанын лидерлери турду. Армениянын премьери Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин саммитине катышуу үчүн Москвага барганы менен, былтыркыдай эле парадга калган жок.

Нацизмди жеңген күндү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү 8-майда белгилешет. Дал ошол күнү 1945-жылы фашисттик Германия капитуляцияга кол койгон. СССРде жеңишти 9-майда жарыялашкан.

Украинада Орусия басып киргенден кийин бул майрам 8-майга которулду. Шаршембиде президент Владимир Зеленский гитлердик фашизм “орусиялык фашизм" болуп кайра баш көтөргөнүн айтты:

"Москва башка улуттарды да Украинадай кылып талкалайбыз деп коркутуп келатканын угуп жүрөбүз. Бул - бүгүнкү күндүн нацизми”.

Өз кезегинде Москва кошунасын “нацисттик мамлекет” деп атап жүрөт. Быйыл орус баш калаасында жана бир катар шаарларда коопсуздук себептерден деп "Өлбөс полктун" жүрүшү онлайн өттү.

Бишкек быйыл "Өлбөс полктон" баш тартты

Бишкекте бул күндүн урматына Жеңиш аянтында иш-чара өттү. Ага өкмөттүн жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Садыр Жапаров куттуктоосунда фашисттик баскынчыларга каршы согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки жеңиштин келишине Кыргызстан да зор салым кошконун белгилеген.

“Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында “Даңк” орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматында, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

Өткөн жылдардан айырмаланып быйыл Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк" жүрүшү өткөн жок. Айрым адамдардын тобу ИИМдин тыюу салганына карабай, плакат көтөрүп, Георгий тасмасын тагынып, көчөдө басканын сүрөттөн көрүүгө болот.

Бишкек. 9-май.
Бишкек. 9-май.

"Өлбөс полк" жүрүшү өтпөй турганы 1-майда белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү соңку окуялардан улам коомдук коопсуздукту сактоо, ыктымал коркунучтарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирген.

Бирок "Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулар тобу Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салган расмий эскертүү кагазын албаганын айтып чыгышкан.

Топтун Фейсбуктагы баракчасында жазган постунда бул боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) пресс-релизинен башка эч кандай документ жок экени айтылган.

Акциясынын уюштуруучулары эгерде тыюу салынган болсо, ал кайсы шаарларга тиешелүү экенин жана эмне себептен мындай чектөө кирип жатканына так түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

9-майдын алдында "Русский дом" уюму Бишкекте талаштуу "Георгий тасмасы" өнөктүгүн баштаганын жарыялаган. Акция Тажикстанда, Болгарияда, Түркияда, Каирде, Тунисте да уюштурулганы уюмдун Телеграмда тараткан маалыматында айтылат.

Кара жана ток сары түстөрдөн турган Георгий тасмасы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин символу катары 2000-жылдын ортосунан тарта пайдаланыла баштап, иш жүзүндө Кремлдин саясатына колдогон мамиленин белгиси деп каралып калган. Аны Украинанын чыгышы - Донбасстагы жикчилдер өз символуна айландырган.

Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Клара Ажыбекова Жеңиш аянтына советтик лидер Сталиндин сүрөтүн көтөрүп, Георгий тасмасын тагынып келди.
Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Клара Ажыбекова Жеңиш аянтына советтик лидер Сталиндин сүрөтүн көтөрүп, Георгий тасмасын тагынып келди.

Бул тасма падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары да мүнөздөлүп, акыркы он жылдай убакыттан бери бир катар мамлекеттерде аны тагууга тыюу салынган.

Кыргызстанда 2015-жылы өкмөттүк комиссиянын чечими менен Георгий тасмасынын ордуна кызыл-сары түстөгү Жеңиш тасмасы киргизилген. Бирок Георгий тасмасына тыюу салынган эмес. Жарандык активисттер андан баш тартууга үндөп келишет.

Орусиянын "Русский дом" уюму "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Федералдык агенттигинин маданий борбору деп сыпатталат. Анын филиалдары чет өлкөлөрдө, анын ичинен Кыргызстанда да ишмердик жүргүзөт.

"Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген. Ал адатта Бишкекте Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Түштүк дарбазадан" башталып, Жеңиш аянтына чейин уланчу.

Былтыр Ош шаарында өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.

2022-жылы "Өлбөс полк" маршын Кыргызстанда өткөрүү керекпи же жокпу деген талаш-тартыш чыккан. Ага каршы болгондор Орусия Украинага басып киргенден кийин мындай жүрүштү өткөрүү туура эмес деген пикирди айтышкан.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

XS
SM
MD
LG