Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Харьковдо гипермаркетке авиабомба тийди, каза тапкандар бар


Харьков шаарындагы авиабомба тийген гипермаркет. 25-май, 2024-жыл.
Харьков шаарындагы авиабомба тийген гипермаркет. 25-май, 2024-жыл.

Ишембиде Украинанын Харьков шаары орусиялык күчтөрдүн соккусуна кабылып, "Эпицентр" гипермаркети талкаланды.

Эки адам каза таап, дайынсыз жоголгондордун саны 35ке жетти. 15 адам менен байланыш үзүлгөнүн Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

"Көп адам жүргөн соода борборуна урулган сокку - чыныгы террор", - деп жазды шаар мэри Игорь Терехов.

Курулуш материалдарын саткан гипермаркетке башкарылуучу эки авиабомба түшкөнүн Харьков облусунун администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, өрт 15 миң метр чарчы жерди каптаган.

Каза тапкандардын экөө гипермаркеттин кызматкерлери болгонун компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 11 кызматкер менен байланыш үзүлгөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сокку урулган учурда гипермаркетте 200 адам болгонун билдирди.

Бир күн мурда ал Харьковдо борборазиялык журналисттер үчүн жыйын уюштуруп, чөлкөмдүн лидерлерин Швейцарияда өтө турган Тынчтык саммитине чакырган.

Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза тапкан Харьковдогу басмакананын аймагында өткөн.

Акыркы айларда Харьковду орусиялык күчтөр басып алууга аракет кылууда. 24-майда Украинанын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Игорь Прохоренко украин армиясы орусиялык күчтөрдүн облус аймагына карай жылуусун токтото алышканын билдирген. Анын айтымына караганда, Орусия бул аймакта "буфердик зона" түзүүгө аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG