Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:27

“Манас” аэропортунан жарылуучу зат табылган жок


“Манас” эл аралык аэропорту.
“Манас” эл аралык аэропорту.

22-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирип, аэропорт кадимки тартипте ишин улантып, пландалган рейстер аткарылып жатканын кабарлады.

Жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.

16-майда да ушундай эле маалымат түшүп, анда да аэропорттон жардыруучу зат табылган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)

XS
SM
MD
LG