Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Астанада жолугат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майда Астанада жолугат. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Авазбек Атаханов менен Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам 19-майда жолугушкан. Атаханов 18-майга караган түндөгү башаламандык жөнгө салынганын жана кырдаалды укук коргоо органдары толугу менен көзөмөлдөп, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Тараптар эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун 21-майда Астанада өтө турган саммиттин алкагында уюштурууну макулдашты. Бул күнү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Бүгүн, 19-майда Кулубаев менен Дар телефон аркылуу сүйлөшөрү маалым болду.

Буга чейин пакистан тышкы иштер министри Дар жекшембиде Бишкекке келери маалымдалган. Сапар токтотулуп, тараптар Астанада жолукмай болгон.

Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Жабыркаган үч чет элдик Бишкектеги мамлекеттик ооруканада, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

XS
SM
MD
LG