Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Шашылыш билдирүү: сел коркунучу сакталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 19-20-май күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайы

20-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жок.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20;

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 14...19;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20 градус жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 12…14°, күндүз 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG