Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Орусиянын түштүгүндөгү аймактар дрон чабуулуна кабылды


Орусиянын түштүк аймагы жана аннексияланган Крым жекшембиге караган түнү дрондордун жапырт аткылоосуна кабылды.

Орус Коргоо министрлигинин маалыматында, Краснодар аймагында 57 дронду абадан коргонуу системасы жок кылган. Үч дрон Белгород облусунда, аннексияланган Крымда бир учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн. Мекеменин билдиришинче, Крымдын үстүндө AТACMS системасынын тогуз ракетасы жок кылынган.

Бир дрон Славянск-на-Кубани шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагына тийген. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жок.

Белгород облусунда да дрон чабуулу болуп, анда Малое Городище айылындагы чиркөөнүн чатыры күйүп кеткен. Облус губернатору Вячеслав Гладков билдиргендей, өрт өчүрүлгөн. Петровка айылында учкучсуз аппарат менен урулган соккудан эки киши жараат алып, ооруканага түшкөн.

Соңку күндөрү Орусиянын Украина менен чектешкен аймактары тынымсыз аткылоолорго кабылып келет. Кремль бул үчүн Украинаны айыптап келет. Расмий Киев адатта мындай аткылоолор боюнча комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG