Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Министрлик ооруканада жаткан үч пакистандыктын абалы туруктуу экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 18-майга караган түнкү тополоңдо жараат алган үч чет өлкөлүк жарандын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Алардын экөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, бирөө Улуттук госпиталдын жаак-бет бөлүмүндө дарыланууда. Жаагынан жаарат алган жаранга 18-майда операция жасалган.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майдын түнү алты пакистандык ооруканада экенин, тополоңдо жалпы 14 жараны жабыркаганын кабарлаган.

"Азаттык" окуя болгон күнү Бишкектеги менчик "АзМи" клиникасына үч чет элдик жаран жеңил жараат менен кайрылганын, алгачкы медициналык жардам алгандан кийин баары чыгып кеткенин 19-майда тактады. Клиниканын кызматкери ал жерде жаткырып дарылай турган стационар жок экенин билдирди.

Ишембинин кечинде Бишкектен 180 пакистандыкты салган атайын учак Лахор шаарына конду. Алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алганы белгилүү болду.

Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG