Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги алты жараны ооруканада жатканын билдирди


Пакистандын Кыргызстандагы элчилигиндеги желеги. 18-май, 2024-жыл.
Пакистандын Кыргызстандагы элчилигиндеги желеги. 18-май, 2024-жыл.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майга караган түнкү тополоңдо жараат алган алты жараны ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

Дипломатиялык мекеме Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, алардын бирөө Бишкектеги Улуттук госпиталда, экөө №4 Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында, үчөө “АзМи” клиникасында дарыланууда. Элчилик алардын абалы туруктуу экенин, оңолуп баратышканын кошумчалады. Буга чейин Пакистандын Бишкектеги элчилиги жабыркаган жарандарынын саны 14кө жеткенин кабарлаган.

Ишембиде эртең менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги үч адам ооруканага жаткырылганын, жаагынан жараат алган пакистандык жаранга операция жасаларын билдирген.

Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф 18-майдагы билдирүүсүндө “Пакистан өз уул-кыздарын оор учурда жалгыз калтырбай турганын” билдирип, мекенине кайтууну көздөгөндөрдү өкмөттүн эсебинен алып келүүнү тапшырган.

Ушул эле күнү кечинде Бишкектен 180 пакистандыкты салган атайын учак Лахор шаарына конду. Алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алды.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG